АРЧАЛЫ суусу
Jump to navigation
Jump to search
АРЧАЛЫ – Ички Теңир-Тоодогу суу, Кичи Нарын суусунун сол куймасы. Нарын р-нунун аймагында. Уз. 47 км, алабынын аянты 376 км2. Жетим кырка тоосунун түн. капталындагы аты
окшош мөңгүдөн агып чыгып, кууш капчыгай аркылуу шар агат. 15тен ашык куймасы бар. Ирилери: Төлөк, Күрмөнтү, Кызыл-Киндик,
Шор-Төр, Эгиз-Төр, Кара-Төр (сол), Борду, Туюк, Кызыл-Суу, Өрттөнгөн-Төр, Тоюн (оң). Алабында жалпы аянты 57,2 км2 келген 56 мөңгү бар. Жылдык орт. чыгымы 4,1 м3/сек, Май-июнда кирип, сентябрда тартыла баштайт.