АКУСТИКАЛЫК ПАРАМАГНИТТИК РЕЗОНАНС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:37, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АКУСТИКАЛЫК ПАРАМАГНИТТИК РЕЗОНАНС ‒ турактуу магнит талаасына жайгаштырылган парамагниттүү кристаллдардын белгилүү жыштыктагы серпилгич толкун энергиясын тандап жутуу кубулушу. Магнит талаасына орнотулган парамагниттүү кристаллда g-жыштыктагы акустикалык термелүүлөр дүүлүктүрүлөт, анын эсебинен магниттик деӊгээлчелердин арасында электрондордун бир абалдан башка абалга кванттык өтүшү пайда болот. А. п. р. кубулушу пайда болуш үчүн магнит квант санынын өзгөрүшү m=±1, ±2 тандоо эрежесине баш ийиши керек. А. п. р. өтө жогорку жыштыктагы (109 ‒ 1011 Гц) үндөр (гиперүн) үчүн байкалат. Кадимки кристаллдан алынган резонанстык сызыктын формасы ж-а анын туурасы парамагниттик иондун түрүнө ж-а кристаллдын ичиндеги талаа мүнөзүнө шартталган болот. А. п. р. сызыгынын формасына атомдун жылуулук кыймылы, кристаллдагы деффекттер ж. б. факторлор таасир этет, андыктан А. п. р. аркылуу парамагниттүү кристаллдардын структурасы ж-дө маалымат алууга болот.