АК-САЙ АКИТАШ ЖАНА ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Ош обл-нун Ноокат р-нунда, Кызыл-Кыя ш-нан 15км түш.-чыгы шта, деӊиз деӊг. 1700‒2300 м бийиктикте. 1975‒79-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен эки бөлүктөн турат. Цементтин карбонаттык түзүүчүсү ‒ акиташ тектери кендин түндүгүндө, Ак-Сай суусунун оӊ жагында, Боорду тоосунда жердин үстүнө чыгып жатат. Цементтин чополуу түзүүчүсү ‒ кумайлуу топурак кендин түштүгүндө Ак-Сай суусунун сол куймалары Суук-Булак, Суу-Булак, Даӊгы сайларынын баш жагында жайгашкан. Акиташ тектеринин жалпы калыӊдыгы 450 м. Кумайлуу топурактын калыӊдыгы 72 мге чейин. Акиташтын хим. түзүлүшү туруктуу. Технол. изилдөөлөрдүн негизинде кендин акиташ ж-а кум топурак тектери «400», «500» маркадагы портланд-цемент алууга жарамдуу экендиги аныкталган. Акиташтын запасы А категориясы б-ча 31172 миӊ т, В‒57086 миӊ т, С1‒130091 миӊ т, А+В+ С1 ‒218349 миӊ т, С2‒160958миӊ т. Ачуу коэфф-и 0,5 м3/т. Кумайлуу топурактын запасы А ‒6824 миӊ т, В ‒ 

15068миӊ т, С1 ‒11760 миӊ т. А+В+ С ‒ 33652миӊ т.