АКУСТИКАЛЫК ИМПУЛЬС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:28, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АКУСТИКАЛЫК ИМПУЛЬС ‒ таралып жаткан үн толкунунун басымынын кескин өзгөрүшү. Мис., жарылууда, ок атылганда, учкун разрядында, нерселердин кагылышында пайда болгон үн толкундары. А. и-тун ар биринде чоӊ ж-а кичине басымдын аймактары болот. Анын спектри туташ ж-а максимум мезгили б-ча анын узактыгына жакын термелүү жыштыгынын аймагына туура келет. Ал чектелген көлөмдө акустикалык изилдөө жүргүзүүдө, гидроакустикада деӊиз чөйрөсүн изилдөөдө ж-а тереӊдикти өлчөөдө, ультраүн дефектоскопиясында ж. б. колдонулат.