АЛБАН ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:53, 28 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛБАН ТИЛИ ‒ Албания Республикасынын мамлекеттик тили. Индевропа тилдеринин тобуна кирет. Болжол м-н палеобалкан тилдеринен (мүмкүн, иллирий тилинен) өнүккөн болуу керек. Жазуу эстеликтеринин эскилери 15-кылымга таандык. Негизги диалектилери: гег (түн.) ж-а тоск (түш.) 19-кылымдын аягында түзүлгөн, азыркы албан адабий тилинде аталган диалектилик айырмачылыктар сакталган. Жазуу системасы латын алфавитинде, граммат. түзүлүшү ‒ флективдүү. А. т-нде синтетикалык түзүлүш басымдуулук кылат, лексикасында роман, славян, жаӊы грек, түрк тилдеринен кирген сөздөр көп. К. Саматов.