АКЫЛБЕК манасчы
17:26, 28 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page АКЫЛБЕК to АКЫЛБЕК манасчы) тарабынан жасалган версия
АКЫЛБЕК (болжол м-н 1840-ж. ченде туулган ‒ ө. ж. белгисиз.) ‒ манасчы. Манасчы Сагымбай Орозбак уулу өзү билген жомокчулардын ичинен Акылбекти жогору баалаган. Залкар манасчылардын бири Саякбай Карала уулу «Чоӊ манасчылардын кимисине жолугуп таалим алып, бирге болгонсуз?» ‒ деген суроого: «Чоӊ манасчылардан Акылбекке кезиктим. Тогуз баласы, жакшы байбичеси өлүп, өзү сексендин беш-алтысына барып калган кези экен. Ошондо да кебелбей айтып турат, кайран киши», ‒ деген экен.