АКИЕВА Гүлдана
16:10, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page АКИЕВА to АКИЕВА Гүлдана) тарабынан жасалган версия
АКИЕВА Гүлдана Салмоорбековна (9. 10. 1957- ж. т., Фрунзе) – педагог, педагогика илимдеринин доктору (1997), проф. (2002). В. И. Ленин атындагы Москва педагогикалык институтунун дефектология факультетин бүтүргөн (1980). Акиеванын «Кыргыз Республикасында аномалиялуу балдарды окутуу, тарбиялоо системасын өнүктүрүүнүн тарыхы» (1920‑90), «Педагогиканын кээ бир жалпы маселелери», «Кыргызстанда окуучулардын ден‑соолугун коргоо системасы» (1996), «Кыргызстанда окуучулардын ден‑соолугун коргоо системаларынын натыйжалуулугун арттыруунун педагогикалык негиздери» (1997) ж. б. эмгектери бар.