АККАРОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:09, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АККАРОЗ, акарапидоз – аарынын кене пайда кылуучу ылаңы. Acarapis Woodi Rennie кенеси пайда кылат. Ургаачы кене аарынын ке­киртегине жумуртка таштап, 3‑4 күндөн кийин андан личинка, 7‑8 күндөн кийин чоң кене пай­да болуп, кекиртеги бүтөлүп, дем алуусу бузу­лат. Ылаң биринен экинчисине жугат. Ал  көбүнчө жаз, жай айларында пайда болот. Ылаңдуу аарынын канаты жайылып уча ал­байт. Алар өзүнчө бөлүнүп, карантин коюлат. Фольбек, эфир сульфонат, тедиондун аэрозоль тү­рүндөгү түтүнү, о. эле тез буулануучу уулуу суюк­тук (нитробензол, метилсалицилат, этилсали­цилат) м‑н дарыланат.