АКАДЕМИЯЛЫК БАСЫЛМА
Jump to navigation
Jump to search
АКАДЕМИЯЛЫК БАСЫЛМА - жазуучулардын бардык чыгармаларынын ж‑а алардын ар кандай варианттарынын комментарийлер м‑н жабдылган толук басылышы. Мындай басылыш белгилүү окумуштуулар тарабынан же алардын катышуусу м‑н ишке ашырылат. Текст сунуш кылууда автордун кол жазмаларынан, анын өзгөрткөн кошумчаларынан, бир эле чыгарманын бир нече варианттарынан ж‑а башка редакцияларынан пайдаланылат. Академиялык басылмада текстке илимий түшүндүрмө берилет, иштөөдө пайдаланууга ыңгайлуу болсун үчүн илимий-маалыматтык аппарат м‑н коштолот. Мындай басылыштан бардык илимий аталыштагы эмгектер чыгарылат (мис., С. Каралаев м‑н С. Орозбаковдун айтуусундагы «Манас» эпосунун академиялык басылыштары ж. б.).