АТЛАНТИДА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:09, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АТЛАНТИДА ири жер титирөөнүн кесепетинен суу астына чөгүп кеткен, жогору өнүккөн цивилизация жайгашкан легендарлуу арал. Бул цивилизация байыркы Египет, Месопотамия цивилизацияларынан алда канча мурда, 10‒12 миӊ жыл илгери жашагандыгы айтылат. А. ж-дөгү маалыматтар байыркы грек философу Платондун «Тимей» ж-а «Критий» диалогдорунда баяндалат. Платон А-ны калк жыш жайгашкан, жери түшүмдүү, Европа м-н Түн. Африканы бириктирген идеалдуу мамлекет катары эсептеген. Бирок байыркы мезгилдерде эле Платондун маалыматы күмөн туудуруп, А. цивилизациясы боюнча талаш-тартыштар башталган. Платондун окуучусу Аристотель А. ойдон чыгарылган деп белгилеген. 19-к-  дын аягында Крит аралында ачылган байыркы миной цивилизациясын А. м-н окшоштурууга аракеттенишкен. Азыркы учурда Гибралтар кысыгынын батышында же Эгей деӊизиндеги Санторин а. же анын айланасындагы аймактар болуусу мүмкүн деп санаган пикирлердин айтылганды гына карабастан, А-нын болгондугу ж-а анын жайгашкан жери тууралуу маселе илимде талаш бойдон калууда.