АКРОЛЕИН
, п р о п е н а л ь, а к р и л а л ь- д е г и д и, СН2=СНСНО ‒ каныкпаган эӊ жөнөкөй альдегид. Ууктургуч жыттуу, түссүз суюктук, эрүү t 86,5‒88°С, кайноо t 52,7°С, суу ж-а метанол м-н азеотроптук аралашманы пайда кылат. Абада оӊой кычкылданат ж-а каныкпаган углеводороддорго мүнөздүү реакцияларга кирет. Спирттер ж-а орг. к-талар м-н жеӊил кошулат: CH2=CHCHO+ROH→ROCH2CH 2‒CHO. Лабороторияда А. глицеринди дегидратациялоо, аллил спиртин кычкылдандыруу м-н алынат. Өнөр жайда Ni2SiO3 эритмеси м-н иштетилген SiO2нин катышуусунда формальдегид м-н ацетальдегидди газ фазасына айландырып конденсациялоо ж-а пропиленди висмут-молибден катализаторунун катышуусунда абадагы кычкылтек м-н кычкылдандыруудан алынат. Практикада метоинди, глицеринди, акрил к-тасын, пиридинди, b-пиколинди, дары-дармектерди синтездөөдө, акрилнитрил ж-а метилметакри лат м-н бирдикте сополимерлерди алууда колдонулат.