АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН АВТОМАТТАШТЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:32, 26 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН АВТОМАТТАШТЫРУУ – өндүрүштүк процессте прибор ж‑а машинаны колдонуу. Бул процессте адам тек­шерүүчү ролду гана ойнойт. А. ч. жумуштарын автоматташтырууда эмгек өндүрүмдүүлүгү жого­рулайт. Анын негизин электрондук аппараттар, жөнгө салгычтар, текшерүүчү‑өлчөөчү приборлор түзөт. А. ч‑сын комплекстүү механикалашты­руу ж‑а электрлештирүү ага толук шарттарды түзөт. Автоматташтыруу, айрыкча мал чарба­сында, канаттуулар чарбасында ж‑а үрөн таза­лоо жумуштарында колдонулууда. Бул тармак­тарда автоматташтыруу үч багытта өнүккөн: электр машиналарын кеңири колдонуу м‑н бар­дык технол. процесстерди байланыштырып иштетүү; микроклиматтын тийиштүү көрсөткүч­төрүн (аба темп‑расын, нымдуулугун, газдын курамын, жарыкты) камсыз кылуучу механизм­дерди колдонуу; башкаруучу системаларды долбоорлоо. Үрөн пункттарында электр кый­мылдаткычтарын аралыктан башкаруу, маши­нага жүктөө, кампадагы үрөндүн темп‑расын ж‑а нымдуулугун текшерүү, өлчөө ж. б. жумуш­тар автоматташтырылган. Сугат ишин автомат­таштыруу м‑н сууну үнөмдөөгө, иштеген адам­дардын санын кыскартууга, түшүмдүүлүктү ж‑а эмгек өндүрүмдүүгүн жогорулатууга жетишүүгө болот. Диспетчердик башкарууда автоматташ­тыруу өтө маанилүү. Мында машина‑трактор­дук парктын иштеши, жүк ташуу жумуштары­нын аткарылышы 20‑30%ке жакшыртылат. А. ч. ө. а‑нун өзгөчөлүктөрү технол. процесстерге техникадан тышкары топурактын, малдын ж. б. катышуусу м‑н мүнөздөлөт, б. а. биол. процесс­терди эске алууга туура келет. Мындан тышка­ры а. ч. өндүрүшүнүн мезгилдик мүнөзү, ачык асман астында жайгашуусуна ж‑а бууланууга көңүл бурулат.	Ы.Ж. Осмонов.