АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН ЖАЙГАШТЫРУУ
Jump to navigation
Jump to search
АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН ЖАГАШТЫРУУ– өлкөнүн аймактарындагы топурак, климаттык шарт, айдоо аянтынын структурасы, рыноктун алыс‑жакындыгы, экон. ж‑а социал. инфраструктуранын өнүгүшү ж‑а жайгашышы, калктын жыштыгы ж‑а анын жайгашуу мүнөзү сыяктуу факторлорду эске алуу м‑н а. ч. өндүрүшүнүн геогр. бөлүштүрүлүшү. Мында эмгектин коомдук бөлүнүшүндө айрым аймактардын салымы аныкталат ж‑а а. ч. продукциясынын тигил же бул түрүн өндүрүүгө адистештирүүгө шарт түзүлөт. Мис., Нарын обл‑нда негизинен мал чарбасы, а. и. кой ж‑а жылкы чарбалары жайгаштырылган. Айыл чарбасын адиcmeшmupyy ж‑а А. ч. ө. ж. эмгектин коомдук бөлүнүшүндө өз ара байланыштуу ж‑а бири бирин шарттап турат. А.С. Ажыбеков.