АЙЛАНУУ БЕТИ
Jump to navigation
Jump to search
АЙЛАНУУ БЕТИ – тегиздиктеги ийри сызыктын ошол эле тегиздикте жаткан октун тегерегинде айлануусунан пайда болгон бет. А. б‑не мисал болуп сфера эсептелет, анткени аны тегиздикте жаткан жарым айлананын диаметринин айланасында айландыруудан пайда болгон бет катары кароого болот. А. б‑нин анын огу аркылуу өткөн тегиздиктер м‑н кесилишкен ийри сызыктар меридиандар деп аталат, ал эми А. б‑нин окко перпендикуляр тегиздик м‑н кесилишкен ийри сызыктар параллелдер деп аталат. Эгер айлануу огу б‑ча Охуг тик бурчтуу координата системасынын Ог огу багытталса, анда А. б‑нин параметрдик тендемесин төмөнкүчө жазууга болот: х = f(и)cosv, у = f(и)sinv, г = и, мында f(u) – функция меридианды аныктайт, ал эми V – бурч. Б. Э. Канетов.