АВАЧА ЖАНАР ТООСУ
Jump to navigation
Jump to search
АВАЧА ЖАНАР ТООСУ – Камчатканын түш.-чыгышындагы аракеттеги жанар тоо. Бийикт. 2741 м. «Жанар тоодогу жанар тоо» тибине кирет. Андезиттүү ж-а базальттуу лава, туф ж-а шлактан турат. Көп жолу атылган (акыркы жолу 1945-ж.). Капталдарында ташка өсчү кайың токою, жапалак бал карагай кездешет. Ага жакын жерге вулканология ил. станциясы иштейт.