АКНАЗАРОВА Роза
АКНАЗАРОВА Роза Корчубековна (6. 12. 1955ж. т., Жалал‑Абад обл., Чаткал р‑ну, Янги‑Базар айылы) – экономист, экономика илимд. доктору (2005), проф. (2005), КРдин экономикага эмг. сиң. ишмери (1998). КМУну (1978), Москвадагы Бүткүл союздук ил.-из. ин‑тунун аспирантурасын (1984) бүтүргөн. ФПИде окутуучу (1978‑81), Кыргыз экономика ж‑а айыл чарба ил.-из. ин‑тунда сектор башчы (1992), КРдин Улуттук банкында башкармалыктын начальниги, башкы бухгалтер (1992‑96), ДЕБРА агентчилигинин директору (1996‑99), КРдин Социалдык фондунун председатели‑министр (19992000), КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (2000‑01), КРдин Эмгек ж‑а социалдык жактан коргоо министри (2001‑05), КМУда окутуучу (1998‑2006), «Эл ынтымагы» социал‑демокр. партиянын төрайымы болуп иштеген. ЗОдан ашуун ил. эмгектери, а. и. 9 монографиясы жарык көргөн. Негизги эмгектери рынок шартындагы айыл чарбасынын социалдык‑экон. проблемаларына арналган.
Эмг.: Рынок ж‑а экономикалык саясат. Б., 1998; Социально‑экономические проблемы аграрной реформы. Б., 1999; Формирование и эффективное развитие финансовой системы аграрного сектора Кыргызстана. Б., 2002; Экономическая эффективность аграрного сектора в условиях формирования рыночной финансовой системы. Б., 2004.