АЛЬП РЕЛЬЕФИ
Jump to navigation
Jump to search
АЛЬП РЕЛЬЕФИ – рельефтин азыркы кар чегинен бийик жаткан мөңгүлүү бийик тоолорго, о. эле плейстоценде муз каптаган тоолорго мүнөздүү тиби. Мындай тоолорго аскалар, арсак-терсек чокулар, кырдуу жондор, жемирилген төрлөр, тепши сымал өрөөндөр, тик капталдар ж. б. мүнөздүү. А. р. Альп, Кавказ, Памир, Теңир-Тоо, Гималай ж. б. тоолордо көп аянтты ээлейт. Кар чеги төмөн жаткан уюл аймактарындагы орто бийик ж-a жапыз тоолорго да мүнөздүү, к. Рельеф.