АЛЬГАМБРА
Jump to navigation
Jump to search
АЛЬГАМБРА (ар. аль-хамра – кызыл) – Испаниядагы Гранада ш-на жакын Сьерра-Невада тоосунун боорундагы аксарай комплекси. Арабдардын Гранада эмиратынын башкаруучулары үчүн (13-к-дын ортосу – 14-к-дын аягында) курулган. А. – мавритан арх-расынын эң көрүнүктүү үлгүсү. Мирттер аянтчасы м-н
Арстандар аянтчасынын айланасына жайгашкан кооз жасалгалуу залдардан турат. О. эле Карл 5нин чала курулган сарайы бар (1526). А-нын арх-расынын көркөмдүгү, кереметтүү түзүлүшү, жасалгасы ж-дө уламыш кабарлар о. кылымда эле дүйнөгө тараган. А. Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилген.