АЛЬГАМБРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:12, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬГАМБРА (ар. аль-хамра – кызыл) – Испаниядагы Гранада ш-на жакын Сьерра-Невада тоосунун боорундагы аксарай комплекси. Арабдардын Гранада эмиратынын башкаруучулары үчүн (13-к-дын ортосу – 14-к-дын аягында) курулган. А. – мавритан арх-расынын эң көрүнүктүү үлгүсү. Мирттер аянтчасы м-н Арстандар аянтчасынын айланасына жайгашкан кооз жасалгалуу залдардан турат. О. эле Карл 5нин чала

курулган сарайы бар (1526). А-нын арх-расынын көркөмдүгү, кереметтүү түзүлүшү, жасалгасы ж-дө уламыш кабарлар о. кылымда эле дүйнөгө тараган. А. Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилген.

Арстандардын ордосу.