АЗИНДЕР
Jump to navigation
Jump to search
АЗИНДЕР – циклде көмүртек атомдорунан тышкары эң кеминде бир атом азоту бар бирикмелер. Гетероциклинде бир атом азоту бар А‑ге пиридин (I) ж‑а хинолин (II); эки ж‑а андан көп атом азоттууларга диазиндер (III) ж‑а триазиндер (IV) кирет. Ядродо азоттон тышкары башка гетероатомдору бар А‑ге оксазин (V) ж‑а тиазин (VI) таандык:
А. негиздик касиетке ээ, к‑талар м‑н туздарды пайда кылат. Алар түрдүү мед. каражаттарды, ууландыруучу газдарды, баалуу азин боёкторун алууда колдонулат. А‑дин көпчүлүгү тирүү организмге эң керек ДНК м‑н РНКнын негизги курамын түзөт.