АЙБАШЕВА
Jump to navigation
Jump to search
АЙБАШЕВА Канымкүл (1901‑1940) – актриса, кыргыз театр искусствосунун эң алгачкы өкүлдөрүнөн, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1939). Анын чыгармачылык иши театр студиясынын ачылышы (1926) м‑н байланыштуу. Театрда белгилүү ролдору: Бүбүкан (М. Токобаев, «Кайгылуу Какей», 1927), Күлсүн (К. Жантөшев, «Карачач», 1929), Анна Андреевна (Н. В. Гоголь, «Текшерүүчү», 1929), Эшимдин аялы (Р. Шүкүрбеков, «Жапалак Жатпасов», 1936), Токтордун байбичеси (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз», 1937) ж. б. «Ардак Белгиси» ордени м‑н сыйланган.