АЙБАШЕВ Абугазир

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:53, 21 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙБАШЕВ Абугазир (1907 ‑ 1965) – кыргыздын туңгуч актёрлорунун бири, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1939). Фрунзедеги театр‑студия­сын бүткөндөн (1962) Кыргыз мамлекеттик драма те­атрында актёр. Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1‑декадасына катышкан (1939). Аткарган ролдору: Максүт (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Мадыл (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз»), Дөдөн (К. Жантөшев, «Курманбек»), Адылкерим (Т. Абдумомунов, «Тар капчыгай»), Кесслер (К. Симонов, «Орус маселеси»), почтoчу (Ч. Айтматов, «Бетме‑бет») ж. б. Кыргыз ССРинин Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж‑а медалдар м‑н сыйланган.