АДЫШЕВА Тенти
АДЫШЕВА Тенти (1920, Ысык‑Көл обл., Тоң р‑ну, Күн Чыгыш айылы – 19. 4. 1984, Фрунзе) – акын, Кыргыз эл акыны (1980). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1955), Кыргызстан ЛKCM Борбордук Комитетинин секретары (1937), Биринчи Май райондук аткаруу комитетинин председатели (1949–51), Республикалык саясий ж‑а илим‑билим б‑ча комитеттин бөлүм башчысы, Авторлордун укугун коргоонун Бүткүл союздук башкармасынын Кыргызстандагы бөлүмүнүн башчысы (1956–76) болуп эмгектенген. Адабият ишине 1947‑жылдан баштап киришет. Алгачкы жыйнагы «Заманым» 1961‑ж. жарык көргөн. Чыгармаларында акын Ата Мекен, тууган жер, мезгил, өмүр сыяктуу темаларга кайрылып, өз учурундагы коомдук‑саясий турмуш окуяларына үн кошуп турган. Эски ж‑а жаңы заманды, элдин турмушунда соңку мезгилде болуп жаткан
өзгөрүүлөрдү көбүнчө кыз‑келиндердин тагдырлары аркылуу чагылдырган. Акындын «Жарык дүйнө» (1965), «Таалай» (1972), «Ырлар жана поэмалар» (1979), «Ой толгоо» (1980), «Менин күнүм» (1983) аттуу китептерине, чыгармалар жыйнагынын бир томдугуна (1987) топтолгон ырларынын өзөк идеясы да ушундай. «Өткөн замандан бир элес», «Каптагайдын кызы», «Жаңылдын элеси», «Таалай», «Эстелик» ж. б. поэмалардын дээрлик бардыгы аялдар темасына арналган. Аталган поэмалардын арасынан идеялык мазмуну ж‑а көркөмдүк касиети жагынан «Жаңылдын элеси» айырмаланып турат. Чыгарма Жаңыл Мырза жөнүндөгү элдик аңыздын негизинде жазылган. «Кылы үзүлгөн комузум» эскермесинде Адышеванын адабиятка ж‑а көркөм чыгармачылыкка карата көз караштары, кыргыздын алгачкы муундагы акын‑жазуучуларынын, көркөм өнөр кызматкерлеринин ж‑а илимпоздорунун, 1930-60-жылдагы интеллектуалдык маданий турмушунун калыптануу мезгили жөнүндө баяндалат. «Ардак Белгиси» ордени ж‑а бир нече медалдар м‑н сыйланган.