АДИСТИК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:48, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДИСТИК – даярдоо процессинде алган ж‑а кесиптик квалификациясынын белгилүү деңгээлин камсыз кылган билимдердин, көндүмдөрдүн жыйындысы; жумушчунун (кызматкердин) өз кесибинин чегинде чеберчилигинин конкреттүү багыты. Ал ээлеген кызматтан айырмаланып, белгилүү бир билим ж‑а эмгек жөндөмдүүлүгүнүн түпкү тегин чагылдырат. Адистик атайын кесиптик билимден, даярдыктан же иш тажрыйбадан улам калыптанат. Ал өзүнө жумушчунун (кызматкердин) эмгек ишмердүүлүгүн толук камты­са, кесип түшүнүгүнө дал келет.