АЙРАН-СУУ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:10, 18 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЙРАН-СУУ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дары­ланууга ж‑а ичүүгө жарамдуу минералдуу суу булактары. Москва р‑нунда, Ак‑Суу кыш‑нан 30 км түштүктө, Ак‑Суу (Жар‑Таш) минералдуу суусунан 3 км түш.-батышта, деңиз деңг. 2500 м бийиктикте. Суу жерг. элге илгертен белгилүү. Алгачкы геол. маалымат 1956‑ж. берилген. Суу аймагын ордовик мезгилинде пайда болгон кум­дук, акиташ теги, сланец түзөт. Минералдуу суу булактары түн.-чыгышка карай созулуп жаткан тектон. жаракадан булак түрүндө агып чыгат. Суу муздак (7°-10°С), тунук, жытсыз, кычккыл даамдуу, көмүр кычкыл газдуу (С02­500 мг/л). Аз минералдашкан (0,4‑0,6 г/л), ку­рамы гидрокарбонат‑сульфат‑кальций‑маг­нийлүү. Булактын чыгымы 1 л/сек. Микроком­поненттерден Ак‑Суу минералдуу суусуна кара­ганда молибден эки эсе көп (0,011 мг/л), фтор 0,35 мг/л. Суусундук катары ичсе болот.