АК-СУУ РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:12, 18 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АК-СУУ РАЙОНУ Ысык-Көл обл-нда. 1973-ж. Түп р-нан бөлүнгөн. Түндүгүнөн Түп р-ну, чыгышынан Казакстан, батышынан Жети-Өгүз р-ну, түш.-чыгышынан Кытай Эл Респ-сы м-н чектешет. Аянты 10,1 миӊ км2. Калкы 63,7 миӊ (2009). Райондо 14 айыл аймагы, 1 шаар (Каракол ш), 41 кыштак бар. Райондун борбору ‒ Каракол ш.
Жеринин бети тоолуу; Кан-Теӊир тоо тоомунун (Жеӊиш чокусу, бийикт. 7439 м) батыш бөлүгүн, Сары-Жаз суусунун алабын, Тескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүн, Тасма дөӊсөөсүнүн чыгыш капталын (бийикт. 1800‒2400 м) ж-а Жыргалаӊ өрөөнүн ээлейт. Кен байлыктарынан көмүр, коргошун, калай, кайнатма туз, курулуш материалдары бар. Минералдуу ысык сууларга (Алтын-Арашан, Ак-Суу, Жыргалаӊ) бай. Климаты мелүүн континенттик (Ак-Суу сырттарында кескин континенттик). Июлдун орт. темп-расы 14‒17°С, январдыкы ‒5°Сден ‒7°Сге чейин (сырттарында июлдуку 10,8°С, январдыкы ‒19,6°Сге чейин). Жылдык жаан-чачыны 450‒700 мм, сырттарында 250 мм. Кан-Теӊир тоо тоому мөӊгүлүү, ирилери ‒ Түн. ж-а Түш. Эӊилчек, Кайыӊды ж. б. Ири суулары: Сары-Жаз, Жыргалаӊ, Түргөн Ак-Суу, Каракол ж. б. Тоолорунда көл (Мерцбахер ж. б.) көп. Кыртышы 2400 м бийиктикке чейин ачык ж-а кара коӊур топурактуу, андан жогору тоонун талаа кара топурагы таралган. Тоо этектери күрөӊ топурактуу. 2000‒3000 м бийиктикте карагай токою ж-а бадал өсөт; субальп шалбаасы чабынды ж-а жайыт катары пайдаланылат. Деӊиз деӊг. 2500‒3000 м жогору альп шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. 3500‒4000 м бийиктикте түбөлүк кар ж-а мөӊгү алкактары жатат. Райондун аймагында Ак-Суу мамл. аӊчылык заказниги уюштурулган (аянты 32,4 миӊ га). 
Калкы көп улуттуу; негизинен кыргыз (88,5%), о. эле орус,сарт калмак, украин, өзбек, уйгур, казак, дуӊган ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калк райондун түн. түзөӊ бөлүгүндө жышыраак отурукташкан. Калктын жыштыгы: 1 км2 жерге орто эсеп м-н 6 киши туура келет. Көбү айыл-кыштактарда жашайт. Аймагында Каракол ш., ж. б. калктуу пункттар жайгашкан.
Чарбасынын негизин а. ч. түзөт. Райондо а. ч-га жарактуу 352,8 миӊ га жердин 47,3 миӊ гасын айдоо (анын 35,1 миӊ гасы сугат жер), 709 гасын бак-дарактар, 302,6 миӊ гасын жайыт, 2,3 миӊ гасын чабынды ээлейт. Негизинен картөшкө ж-а буудай өстүрүлөт. Малдын санынын азайышына байланыштуу көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген айдоо жерлердин аянттары кыскартылып, алардын ордуна башка а. ч. эгиндери өстүрүлүүдө. Уй, кой-эчки, миӊдей чочко, жылкы асыралат. Үй кушу багылат. Райондун өнөр жай тармагында жерг. маанидеги Жыргалаӊ шахтасы, Каракол механикалаштырылган токой чарбасы ж-а турмуш-тиричилик жактан тейлөөчү ишканалар иштейт. Сары-Жаз д-нын алабында калай, вольфрам, коргошун түстүү металл кендери бар. Райондо чакан менчик ишканалары өнүгүүдө. «Кумтөр Оперейтинг компани» м-н Эӊилчек кичи менчик өндүрүштүк ишканасы биргелешип алтын м-н вольфрам концентратын өндүрүүдө. Биргелешкен ишкананын дүӊ жыйымы райондун өнөр жайынын 22,5%ин түзөт. Райондо кайра иштеп чыгуучу ж-а тамак-аш өнөр жай тармактары өнүгүп, ал негизинен ички рынокко багытталган. Райондо тери иштетүүчү эки ишкана, май сыгычуу чакан цехтер, тегирмен, нан з-ддору иштейт. Автомобиль транспорту өнүккөн, автомобиль жолдорунун басымдуу бөлүгүнө асфальт төшөлгөн. Каракол ш-нан аба ж-а суу жолдору да кетет. Шаардын четинде аэропорт бар. Райондун аймагы аркылуу өткөн Каракол ‒ Түп ‒ Кеген (Казакстан) автомобиль жолу реконструкияланууда.
Жалпы билим берүүчү 34 мектеп, а. и. 2 толук эмес орто, 2 башталгыч мектеп болгон. 27 мектепте окуу кыргыз, 7 мектепте кыргыз ж-а орус тилдеринде