«АНАР» балети

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:16, 18 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АНАР» – кыргыз балети. Либреттосу К. Эшмамбетов м-н Н. С. Холфиндики. Музыкасы композитор В. А. Власов м-н В. Г. Ференики (балетти койгон – Н. С. Холфин ж-а В. В. Козлов, дирижёру – В. И. Чернов, сүрөтчүсү – Я. 3. Штоффер). 1940-ж. 7-ноябрда Фрунзедеги музыкалык драма театрында коюлган. «Анар» балети – кыргыз хореография өнөрүндөгү саамалык. Мында Октябрь революциясына чейинки турмушггук көрүнүштөр сүрөттөлөт. Окуя бир айылдын сулуусу Анар (А. Молдобаева, Г. Худайбергенова) м-н койчу жигит Кадырдын (А. Мамакеев) тунук махабатынын ж-а алардын бактысына бөгөт болгон карамүртөз, ачкөз манап Багыштын (Г. Автандилов) ортосундагы күрөшгүн айланасында өнүгөт.

«Анар» балетинен көрүнүш. 1957-ж.

Балет 1957-ж. 2-жолу редакцияланып, кыргыз адабияты м-н искусствосунун Москвада өткөн 2-декадасында (1958) көрсөтүлгөн (Анар – Б. Бейшеналиева, А. Хандранова, Кадыр – У. Сарбагышев, Батыш – А. Карасев, Б. Суслов, балетмейстери - Н. С. Холфин, дирижёру – К. Молдобасанов, сүрөтчүсү – А. Молдахматов). «Анар» азыркы күнгө чейин театр сахнасында коюлуп келе жатат.