«АЛТЫН КЫЗ» драмасы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:00, 18 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АЛТЫН КЫЗ» – кыргыздын алгачкы музыкалык драмасы. Либреттосун Ж. Бөкөнбаев, музыкасын
Власов м-н В. Фере жазган. Адегенде 1937-жылы кыргыз драма театрында (реж. Ө. Жетикашкаев,балетмейстери – Н. Холфин, сүрөтчүсү – Г. Айтиев, дирижёру – Ш. Орозов, хормейстери – П. Меркулов), кийин 1949-жылы Кыргыз мамлекеттик опера ж-а балет театрында (реж. А. Куттубаев, К. Эшимбеков, дирижёру – А. Жумакматов, сүрөтчүсү – А. Арефьев) коюлган. Башкы ролдорду аткаргандар: А. Куттубаева (Чынар), А. Боталиев (Жалар), А. Малдыбаев (Кузнецов),

Б. Бейшенбаева (Чынардын энеси), М. Кыштоо-

«Алтын кыз» драмасынан көрүнүш.

баев (Берик дубана), К. Жантөшев (Момуш), К. Эшимбеков (Калыбек ырчы). Драмада коллективдештирүү мезгилинде кыргыз элинин турмушундагы орчундуу учурлар: жаңыча жашоого умтулган жалындуу деми, эркин эмгеги, келечекке болгон ишеними, жаңы коомдун түзүлүшү м-н кошо жаралып жаткан жаңыча маанилердин орношу баяндалат. Кыргыз угармандарынын көркөм табит-таламдарына жакын элдик күү-обондордун негизинде жөнөкөйлөштүрүлүп жазылган «Алтын кыз» узак убакыттар бою сахнада коюлуп келген. 1974-жылы В. Власов менен В. Фере ага толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизип, тереңдетип иштеп чыгып, операга айланткан..