АК-САЙ СУРЬМА КЕНЧЕСИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:56, 14 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АК-САЙ СУРЬМА КЕНЧЕСИ Ош обл-нун Ноокат р-нунда, Беш-Буркан кыш-нан 3 км түш.-чыгышта, Чымкай тоосунда, деӊиз деӊг. 1700‒2000 м бийиктикте. 1953‒87-ж. мезгил-мезгили м-н геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы силурдун көмүр-чополуу сланецтеринен, кумдуктарынан ж-а карбондун карбонат-терриген катмарларынан түзүлгөн. Кенташтуу жаспероид брекчиясы карбондун карбонат-терриген катмарларынын арасында жатат. Флюорит ‒ антимониттүү кенташы өтө чачыранды ж-а тарам-тарам түрүндө кездешет. Сурьманын орт. өлчөмү 2,73%, алтындыкы 1,44 г/т. Кенташтын С1 категориясы б-ча запасы 60,3 миӊ т. Сурьманыкы ‒ 1629 т, алтындыкы ‒ 1,49 т.