АВТОРДУК МҮНӨЗДӨМӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:11, 14 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОРДУК МҮНӨЗДӨМӨ – адамды же окуя-кырдаалдарды мүнөздөөчү автордук баяндоонун бир түрү. Бул ыкмада автор бир көрүнүштү мүнөздөп, ага оюн билдирет. Мис., «Биз келсек Урмамбет үйдө жайланып отуруп калыптыр. Баягы Урмамбет эмес: үстүндө бир сур шинели бар, ичинде төш чөнтөктүү сур көйнөк, бутунда кычыраган жаңы сары өтүк. Бар кийими жарашып, түптүз, типтик, чарчы бойлуу, шаңкыйган бир сырдуу солдат болгон да калган! Баягыда ушул жол менен Германияга жөнөткөн солдаттардан түк айырмасы жок. Жалгыз гана башында кыргызча көк тебетейи бар» (М. Элебаев).