АВТОБИОГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
07:24, 14 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page АВТОБИОГР АФИЯ to АВТОБИОГРАФИЯ) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОБИОГРАФИЯ (авто…, био... ж-а ...графия ) ‒ 1) өз өмүрүндөгү негизги окуяларды кыскача документалдуу баяндоо; 2) кара сөз м-н жазылган, мемуарга ыктаган адабий жанр. Мемуардан айырмасы: мында автор жеке өзүнүн башынан өткөргөндөрү, ой-сезимдери, көз караштары тууралуу кеӊирирээк сөз кылат. Автобиография ‒ дүйнөлүк адабияттагы байыркы жанр. Көркөм адабиятка Ж. Ж. Руссо ж-а А. И. Герцен негиз салган. Дүйнөлүк классиктердин айрым чыгармалары да автобиографиялык мүнөздө. Кыргыз адабиятында М. Элебаевдин «Узак жолу», А. Токомбаевдин «Автобиографиялык фрагменттери», А. Осмоновдун «Жазуучулук баяным» аттуу чыгармаларын мисалга алсак болот. Адамдын өз таржымалын кыскача баяндап жазышы да автобиография деп аталат.