АЛТЫН-ДАРА
Jump to navigation
Jump to search
– Алай р-нундагы суу, Кызыл-Суунун сол куймасы. Уз. 40 км, алабынын аянты 480 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт.
3600 м, Эң бийик жери Свердлов чокусу (бийикт. 5451 м). Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүдөн башталып, кууш капчыгай аркылуу өрөөнгө агып чыгат. Жылдык орт. чыгымы 4,70 м3/сек, эң көбү июнь – июлда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Көк-Жар, Жаңы-Шаар ж. б. кыш. жайгашкан.�.