АДЕНОВИРУС ООРУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:47, 11 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АДЕНОВИРУС ООРУЛАРЫ – кишинин ж‑а жаныбарлардын аденовирустар козгоочу жу­гуштуу оорусу. Мында кишинин көзүнүн, иче­гисинин, дем алуу жолунун былжыр челдери сезгенет. Энеден берилген иммунитет балада 6 айга чейин сакталат. А. о. бейтап адамдан, вирус алып жүрүүчүдөн, о. эле оорулуу колдонгон буюмдан, идиштен жугат. Оорунун жашыруун мезгили 3‑14 күн. А. о‑нда эти ысыйт, алы ке­тет, башы ооруйт, окшуп, кусат. Кээде оору грипп сыяктуу капысынан башталат. Дене ысып, мурун бүтөт, көз жапкактары кызарып, көздөн жаш агып, бир нерсе түшкөндөй өйкөйт. Шиле­кей жуткурбай тамагы ооруйт. Айрым учурда каргылданып үнү бүтөт, деми кыстыгып, дем алуу кыйындайт, жөтөлөт. Кээде ичеги‑карын сезгенип, ич өтөт. Дарылоодо антибиотиктер  ж‑а витаминдер колдонулат. А. о. жаныбарлар­да дем алуу, тамак сиңирүү органдарын жабыр­катып, катуу өтөт, конъюнктивит да болот. Кой, эчки, бодо мал, жылкы, чочко, ит, куш­тар оорушат. Диагнозу, клиникалык белгилери лабор. жол м‑н аныкталат.