АЙДАРКЕН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:24, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЙДАРКЕН, Х а й д а р к е н – Баткен обл‑нун Кадамжай р‑ндагы шаар (2012‑жылдан). Ал Ай­даркен сымап кенинин өздөштүрүлө баштаганы­на байланыштуу 1942‑ж. отурукташкан. Аты окшош өрөөндө деңиз деңг. 1980 м бийиктикте, Кызыл‑Кыя – Баткен автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыш‑нан 45 км түш.-батыш, облустун борбору Баткен ш‑нан 55 км түш.-чыгыш тарапта. Калкы 12 миң (2015). «Айдаркен сымап комбинаты» акционердик коому иштейт. Үч орто мектеп (кыргыз, орус ж‑а тажик тилдеринде), муз. мектеп, 4 китепкана, оорукана, мед. үй­ бүлөлүк борбор, дарыкана, мад‑т үйү бар. Шаарга жакын жерден сымап кени казылып алынат.