АБЫЛКАСЫМОВА Майрамкан

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:40, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page АБЫЛКАСЫМОВА to АБЫЛКАСЫМОВА Майрамкан) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБЫЛКАСЫМОВА Майрамкан (7. 11. 1936, Чүй обл., Кемин р-ну, Кызыл-Суу айылы - 16. 10. 2021, Бишкек) - акын, Кыргыз эл акыны (1980), Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын (1970) ж-а Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын (1984) лауреаты. В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн (1958). 1962-ж. чейин Ош шаарындагы областтык «Ленин жолу» гезитинде ж-а Ош педагогикалык институтунда иштеген. «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер, «Поэзия» бөлүмүнүн башчысы (1960-91), «Аялзат» гезитинде башкы редактор, Кыргызстан Жазуучулар Союзунун Ысык-Көл областы б-ча адабий консультанты болгон. 1995-жылдан «Курманжан датка» фондунун төрагасынын кеңешчиси. Алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көргөн. 1961-ж. «Кичинекей досторго» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. «Чолпон» (1962), «Эстелик сүйлөйт», «Быйыл жаздын гүлдөрү көп» (1965) жыйнактарына салттуу ыр түзүлүшүндөгү ырлар м-н катар ритмикалык жаңы өлчөмдөгү, эркин ыр формасындагы чыгармалары кирген.

АБЫЛКАСЫМОВА62.png

«Ишеним дайым жүрөктө» (1968) жыйнагындагы лирикалык ырлардын көпчүлүгү турмушка, өмүргө, сүйүүгө, адамдардын ортосундагы мамилелерге арналган. Жаратылыш, Ата журт - акындын бүткүл чыгармачылыгындагы бүтпөс тема. Жалпы эле экология маселеси «Гүлдөр суу сурайт» аттуу жыйнагында курч коюлган. Мында жазды сагынуу, күтүү, кумарлануу сезимдерине, табияттын пейзаждык боёкторуна арналган сагггар арбын. Чыгармачылыгында улуттук поэзиянын салттуу уйкаштыктагы ырларына караганда ак ыр, эркин ыр формасында жазылган ырлар басымдуу. «Тандалган чыгармалары», «Ата журт» (1973) ыр жыйнагы чыккан. Анын ырлары орус, украин, казак, монгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган. «Атаке Баатыр» драмасы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган (2004). А. кыргыз поэзиясына кошкон чоң салымы үчүн «Ардак Белгиси», III даражадагы «Манас» ордендери м-н сыйланган (2005).