АНАКСАГОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:12, 7 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАКСАГАРКичи Азиядагы Клазоменден (б. з. ч. 500-428) – байыркы грек философу ж-а окумуштуу. Ал 30 жылдай Афиныда жашаган ж-а жерг. филос. мектепти негиздеген. Анын көз карашы милет мектебинин (Анаксимендин) ж-а Парменидцин болмуш окуусунун таасири астында калыптанган. А. окуусун космогониялык гипотеза түрүндө белгилеген: дүйнөнүн алгачкы абалы кыймылсыз, формасыз аралашма түрүндө болот ж-а алар эсепсиз көп майда, сезимтал бөлүктөрдөн, буюмдардан турат деп эсептеген. Убакыттын кандайдыр бир учурунда ж-а мейкиндиктин бир бөлүгүндө бул аралашма бат айлануучу кыймылга келет. Ага кандайдыр бир ички мамиледе – акыл (нус) аркылуу билдирилет. Акыл-эстин концепциясы филос. ой жүгүртүүнүн андан аркы өнүгүүсүнө маанилүү таасир көрсөткөн. Ал Күндүн ж-а Айдын тутулуусуна туура түшүндүрмө берген биринчи окумуштуу.

                                                                                                           Ш.	К.	Алиева.