АБСУРД ТЕАТРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:14, 7 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБСУРД ТЕАТРЫ - Батыш Европанын театрындагы, драматургиядагы агым. Францияда 1950-ж. башында пайда болгон. Абсурд театрына күтүүсүз, маанисиз сюжеттер, каармандардын эпсиз кылык-жоругу, ошондой эле кызыксыз жашоону, максаттардын ишке ашпоосун сезүү мүнөздүү. Абсурд театрынын көрүнүктүү өкүлдөрү Эжен Ионеско, Сэмюэль Беккет.