АЛАЙ КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:47, 7 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛАЙ КЫРКА ТООСУ Алай‒Түркстан тоо системасына кирет. Кеӊдик багытта 350 кмге созулуп жатат. Орт. жазылыгы 70‒80 км (Фергана өрөөнүнө чейин), эӊ бийик жери 5539 м (батышында Тамдыкул чокусу). Тоо орографиялык жактан кескин айырмаланган 3 бөлүктөн турат.         Б а т ы ш  б и й и к  б ө л ү г ү н д ө тоонун түн. капталы КРга карап, негизинен Сох д-нын алабын камтыйт; мында бийик чокулуу мөӊгүлөр арбын. Кыры аска-зоокалуу келип, 4500‒5000 м бийиктиктен жогору жатат. Тоонун түн. капталы жазы (60‒70 км), тереӊ капчыгайлуу өрөөндөр (Кожо-Ашкан, Сох ж.б.) м-н тилмеленип, Жети-Көл (бийик чокусу ‒ 4079м), Коргон (5100 м), Кулдук-Тоо (5016 м), Курук-Сай (5147 м), Тескей (3690 м) тоо тармактарынан турат. О р т о н к у  б ө л ү г ү Исфайрам-Сай, Ак-Буура, Талдык (түн.), Кызыл-Суу (түш.) сууларынын алабын камтып, ири мөӊгүлөр (Егоров, Дугов, Ливинский, Федченко, Гезарт, Агарт, Сары-Могол, Кайыӊды) жайгашкан. Кыры аскалуу, негизинен 4300‒4600 м бийиктикте жатат. Тоонун түн. капталы (жазылыгы 70‒80 км) Фергана өрөөнүнө жантайыӊкы, баш жагында тереӊ капчыгайлуу кенен өрөөндөр (Кичи Алай, Сурма-Таш, Исфайрам-Сай, Шаймерден ж. б.) арбын. Түндүгүндөгү тоо тармактары: Коллектор (эӊ бийик жери ‒5259 м), Кичи Алай (4933 м), Ак-Төр (4501 м), Жоо-Жатты (4048м), Гаузан (3273 м), Ярунтуз (3670 м), Олокон-Тоо (4629 м), Талдык (4237 м), Теке-Секирик-Бел (2913 м) ж. б. Түш. капталы Алай өрөөнүн карай тик түшөт, кыска (10‒15 км); кокту-колоттор, майда капчыгайлар, Текелик (эӊ бийик жери 5727 м), Кара-Тепе (3794 м) сыяктуу тармактары бар. Ч ы г ы ш ж а п ы з  б ө л ү г ү Куршап, Көк-Суу (Чыгыш), Алайкуу‒Тар сууларынын алаптарын ээлейт. Мында мөӊгүлөр азайып, чокулары жапыздайт да, түн.-чыгышта Какшаал - Фергана тоо тоомдоруна такалат. Кыры 3900‒4300 м бийиктикте жатып, капталдары тик; кыска ж-а тереӊ капчыгайлуу ири өрөөндөрү [Гүлчө, Көк-Суу (Чыгыш), Алайкуу ж. б.], Терек-Тоо (эӊ бийик жери 4767 м), Көк-
АЛАЙ КЫРКА ТООСУ22.png

Булак (4039 м), Алайкуу (4733 м) ж. б. тоо тармактары бар. А. к. генезистик тиби б-ча горст-антиклиналь; герцин бүктөлүүсүнөн пайда болгон. Батыш ж-а ортонку бөлүктөрүнөн тоого жарыш жаткан, чыгышынан түштүктөн түндүккө багытталган тектон. жаракалар өтөт. Тоонун геол. түзүлүшү өтө татаал: батыш ж-а ортонку бөлүктөрү силур, девон ж-а карбондун калыӊдыгы 1500‒3000 мге чейинки кумдук, кремнийлүү ж-а көмүрлүү сланец, гнейс, доломит, алевролит, акиташ, порфирит, туф, диабаз, полимиктүү ж-а акиташ тектүү конгломерат; чыгышы юранын калыӊдыгы 3300 мге чейин жеткен конгломерат, гравелит, аргиллит тектеринен турат. Аларды айрым жерлерде (Кичи Алай, Кайыӊды тоолору) гранит, гранит-диорит, сиенит интрузиялары жиреп чыккан. Тоо этектери (адырлар ж-а бөксө тоолор ‒ Папан, Отуз-Адыр, Катыраӊ-Тоо ж. б.) ж-а өрөөндөрдүн тамандары палеоген, неоген ж-а антропоген мезгилдеринин калыӊдыгы 200 мге чейинки чөкмө тектери (чопо, кум, мергель, майда таш, шагыл) ж-а мөӊгү шилендилери м-н капталган. А. к-нда сымап, сурьма, темир, боксит, вольфрам, висмут, полиметалл, мышьяк, көмүр ж. б-нын кендери бар. Алардын айрымдары өнөр жайлык мааниге ээ. Тоонун климаты ж-а ландшафты бийиктик алкактуулук мыйзам ченемине ылайык өзгөрөт. Климаты негизинен континенттүү келип, жапыз тоолуу бөлүгүндө июль айынын орт. темп-расы 20‒23°С, январдыкы ‒3°С... ‒5°С; орто бийиктиктеги бөлүгүндө июлдуку 14‒16°С, январдыкы ‒5°С...‒7°С; бийик тоолуу бөлүгүндө июлдуку 9‒10°С, январдыкы ‒16°С... ‒18°С. Жылдык жаан-чачыны 300‒400 мм. Ири суулары: Сох, Исфайрам-Сай, Араван-Сай, Ак-Буура, Гүлчө, Алай-Куу-Тар (түн. капталында), Кызыл-Суунун куймалары (түштүгүндө). А. к-нун түн. капталына кургак талаа ж-а талаа (2000‒2200 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а бийик чөптүү шалбаа (2600‒2800 мге чейин), жыш өскөн арча, токойлуу шалбаа ж-а бадал аралашкан сейрек токой, шалбаалуу талаа (2900‒3100 мге чейин), субальп, альп шалбаа ж-а сейрек бетегелүү талаа (3500‒3600 мге чейин), андан жогору бийик тоо тундралуу талаа ж-а нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Түштүк бетинде бийик тоолуу кургак талаа ж-а шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу. А. к-нун чарбачылыкта мааниси зор: ири мөӊгүлөрү ж-а түбөлүк кар алкагы Фергана ж-а Алай өрөөндөрүнө карай аккан сууларды толуктап турат; тоо тармактары ж-а капчыгай-өрөөндөрү малга жайыт катары пайдаланылат. Ашуулары: Талдык (3615 м), Карагушхана (3903 м бийиктикте), Жаӊы-Даван (4379 м), Кара-Казык (4495 м), Кайыӊды (3997 м), Теӊизбай (2627 м), Теке-Салды (4072 м), Жиптик (4175 м), Шарт-Даван (3954 м). Талдык ашуусу аркылуу эл аралык маанидеги Ош ‒ Хорог автомобиль жолу өтөт. Алай деген аттын келип чыгышы ж-дө к. Ала.

К. Матикеев .