АЖЫ БИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:38, 7 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЖЫ БИЙ Тилеке бий уулу (туулган ж‑а ө. ж. белгисиз) – 18‑к‑дын 2‑жарымындагы кыргыз элинин саясий ишмери; Алай‑Фергана ай­магындагы саясий окуяларга жигердүү катыш­кан кыргыз төбөлдөрүнүн бири. Адыгине уруу­сунун баргы уругунан. Кытай тарыхый булак­тарында 1759‑ж. июнь айында А. б. баш болгон төрт кыргыз бийи Кокон ш‑н бийлеген Эр­дене бий м‑н тышкы душмандарга каршы бирге болууга багытталган келишим түзгөндүгү ж‑дө айтылат. 1759‑ж. сентябрь айында А.б‑дин конушуна Кытай императо­рунун элчиси Доктан ке­лип,ага Кытай империя­сы м‑н саясий‑дипл. ж‑а соода‑сатык келишим тү­зүү ж‑дө чакырык‑суну­шун, кытай мөөрүн тап­шырган. Ошол эле жыл­дын аягында А. б. өзүнүн элчиси Сары Күчүктү Кашкардагы Кытай империясынын башкаруучусу Чжао Хойго жиберген.
АЖЫ БИЙ10.png

1760‑ж. Эрдене бий Алай­да тонолгон Кокон көпөстөрүнүн ишин шылтоо­лоп Ош, Өзгөн ш‑на чейин жортуул жасаган. А. б. жооп иретинде 1761‑ж. Коконго жортуул жасап, ал ийгиликсиз аяктаган соң, кайра Алай тарапка чегинген. Кытайга элчи жиберип, Кокон бийин тартипке чакыруусун өтүнгөн. Ошол эле учурда Кырг‑ндын түндүгүндөгү кыргыздар­дын кол башчысы Маматкул бийден Эрдене бийге каршы колдоо сурап, өзүнүн тууганы Ар­зыматты жиберген. Маматкул бий жардам кы­луу ниетинде бугу уруусунун кол башчысы, че­рик ж‑а саяк уруусунун бийи Темиржандын жи­гиттерин жортуулга даярдаган. Бирок, саясий кырдаал татаалдашып, Кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиш тараган. Бул аймактагы кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Эрдене бий Ош ж‑а Өзгөндөн өз ыктыяры м‑н чыгып кет­кен. 1764‑ж. жазында Эрдене бийдин Оро‑Тө­бөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдала­нып, А. б. Коконго кайрадан жортуул уюштур­ган. Жортуул ийгиликсиз аяктап, кармашта жа­раат алган А. б. Эрдене бийге туткунга түшкөн, бир маалымат б‑ча коё берилген, экинчиси б‑ча даргага асылган.

Д. Сапаралиев, сүрөтчүсү Р. Исаков.