АБДЫРАХМАНОВ Сүйөркул

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:56, 6 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page АБДЫРАХМАНОВ 1 to АБДЫРАХМАНОВ Сүйөркул) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫРАХМАНОВ Сүйөркул (1898, Талас обл., Талас р-ну, Чоң-Токой айылы – 1959, Талас р-ну, Жаңы-Алыш айылы) – жазма акын. Октябрь революциясына чейин Олуя-Ата шаарында (азыркы Тараз) ж-а Таласта байларга жалданып ырдап, тиричилик өткөргөн. 1930-ж. сабатсыздыгын жоюп, мугалимдик курста окуган. 1943-ж. чейин мугалим, 1943-45-ж. Магнитогорск металлургия заводунда жумушчу болуп эмгектенген. Чыгармачылыгы 1930-жылдан башталып, колхозчулардын эмгегин, жыргал турмушун даңазалаган. «Эр Солтоной» элдик эпосун жазып басмадан чыгарган. Анда кыргыз элинин сырткы басып алуучуларга каршы жүргүзгөн күрөшү, элдик баатыр Солтонойдун эл-жерди коргоодогу эрдиги баяндалат.