АВТОМОБИЛЬ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:57, 6 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМОБИЛЬ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ‒ автомобилди кыймылга келтирүүчү мех. энергиянын булагы болгон атайын кыймылдаткыч. Автомобиль үчүн жылуулук ж-а электр кыймылдаткычы колдонулат. Анын көпчүлүгү ичинен күймө

бышкектүү (поршендүү) кыймылдаткыч болот да, жумуш процесси б-ча 4 ж-а 2 такттуу, күйүүчү майды от алдыруунун жолу б-ча карбюратордуу ж-а дизелдик болуп бөлүнөт. А. к. цилиндринин саны ж-а жайгашышы (катарлаш, V түрүндө ж. б.), клапанынын орун алышы (жогору же төмөн), цилиндринин жумуш аткаруу көлөмү (литражы), муздатуу түрү (суу, антифриз же аба м-н), аткарган кызматы ж. у. с. б-ча айырмаланат. Азыркы 4 такттуу А. к. цилиндрдин блогунан (картери м-н) ж-а бөркүнөн, бышкектен, тээктен (шатундан), муунактуу валдан, күүлөнтүүчү дөӊгөлөктөн, бөлүштүргүч валдан ж. б. турат. Цилиндринин саны канча көп болсо, кыймылдаткыч ошончо бир калыпта иштейт. Кыймылдаткычтар: радиатор, желдеткич, аба ж-а май чыпкалары, стартер ж. б. м-н жабдылат. Жеӊил ж-а көлөмү кичине аккумуляторду түзүү шаар ичинде

Карбюраторлуу кыймылдаткычтын туура кесилиши: 1 ‒ картер; 2‒ муунактуу вал; 3 ‒ шатун; 4 ‒ бышкек (поршендин) шакекчеси; 5 ‒ бышкек; 6 ‒ цилиндр блогу; 7 ‒ клапан; 8 ‒ цилиндрдин бөркү; 9 ‒ бөлүштүргүч вал; 10 ‒ коромысло; 11 ‒ карбюратор; 12 ‒ старт¸р.

жүргөн автомобилдердеги ичинен күймө кыймылдаткычты электр кыймылдаткычы м-н алмаштырууга да мүмкүндүк берет.