АБДЫКЕРИМ Беки уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:41, 5 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page АБДЫКЕРИМ to АБДЫКЕРИМ Беки уулу) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫКЕРИМ Беки уулу (1880, Жалал-Абад обл., Базар-Коргон р-ну, Сейдикум айылы – өлгөн жылы белгисиз) – манасчы. «Манас» айтууну атасынан үйрөнгөн. Жаш кезинде аш-тойлордо, кыз оюндарында жамактатып ыр чыгарып, элдик жөө жомокторду да айта коюп жүргөн. Абдыкеримдин айтуусунда «Манастын Кыз Сайкалды алышы» эпизоду жазып алынган. Окуяда Манас кырк чоросу м-н аттанып, Кыз Сайкалды алууга жөнөйт. Манастын келгенин сыйкырында билген Сайкал жөн коёт да, кези келсе кырк чоросунан ажыратып, өзүн экинчи бастырып келгис кыламын деп камынып калат. Манасчынын айтуусунда Кыз Сайкал кайыптан жаралган деп эскерилет. Ал Манастын айтканына көнбөйт ж-а жеңилбейт. Манас кайрылып элине кетет. Экинчи жолу барганда Кыз Сайкал сайышка чыкпастан, Манастын алдына Тайбуурул тулпарын тартуулап, бир түнөтөт да, мен тиги дүйнөлүк жарың болом, бул дүйнөлүк жарың Каныкей деп узатат. А-ден жазып алынган бул эпизод Кыргыз Ресубликасынын Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондунда сакталып турат.