АВИАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:24, 5 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АВИАЦИЯ (фр. aviation, лат. avis - канаттуу куш) – абадан оор аппараттардын (самолёт, вертолёт, планер) аба мейкиндигинде учуусуна байланышкан кеңири түшүнүк. Арналышына жараша А. жарандык, мамл. ж-а эксперименттик болуп бөлүнөт. Жарандык А-нын жүргүнчүлөрдү ташуучу, багаж, жүк, почта ж. б. акы төлөнүүчү жумуштарды аткаруучу коммерциялык ж-а жалпы арналыштагы деген түрлөрү бар. Көп мамлекеттерде жалпы арналыштагы А-га адм., жекече, спорттук, а. ч. самолёттору ж-а вертолёттору кирет. Мамл. А.– аскер, милиция, бажы ж. б. мамл. кызматтарды тейлейт. Ас кер А-сы мамлекеттин куралдуу күчүнүн курамдык бөлүгү. Эксперименттик А. ил.-из. иштерин, авиац. ж-а тех. башка сыноолорду жүргүзүүдө колдонулат.

Авиациянын өнүгүпгүнүн алгачкы мезгили.

Италиялык окумуштуу Леонардо да Винчи канаттуунун учушун байкап, абадан оор аппараттардын учуу теориясын негиздөөгө аракеттенген. Алгачкы самолёт аэроплан деп аталып, 1799-ж. Дж. Кейли тараптан сунушталган. Анын тулкусу жыгачтан жасалып, брезент м-н жабылган. 1853-ж. ал планёрду жасаган. «Сессна» жеңил монопланы (бир канаттуу самолёт) 3 кишиге чейинки жүк көтөрүүгө жөндөмдүү болгон. Абада кармалып туруучу ж-а каалаган багытта уча алуучу «Робинсон R 22» вертолёту жасалган. Амер. механиктер, ага-ини У. ж-а О. Райттар 1-болуп «Флайер-1» самолётуна ичинен күймө кыймылдаткычты коюп 36 мге учушкан (17.12.1903). Ал самолёт акыркы учушунда 59 сда 260 м аралыкты учуп өткөн. Кийинки жылдарда А. Европа өлкөлөрүндө тез өнүккөн, анткени самолёт куруунун пионерлери А. Сантос Дю мон, Г. Вуазен, Л. Блерио, Р. Эно Пельтри, А Фарман, Э. Ньюпор (Франция), А. Ро, Дж. Де Хэвилленд, Ф. Хэндли Пейдж (Улуу Британия), А. Фоккер (Нидерланд), Г. Юкер (Германия), Дж. Капрони (Италия) ж. б. болушкан. Вертолёт куруу иши самолёттукунан кыйла артта калган. Францияда 1907-ж. анча бийик эмес учкан алгачкы вертолёттор (алардын бирин Ш. Рише ж-а ага-инилер Л. ж-а Ж. Бреге, экинчисин П. Корню) жасалган. Россияда А Ф. Можайский 1883-ж. дүйнөдө 1-самолётту курган. 1894-ж. англ. кон-

Ту-154 самолёту.

структор X. С. Максим, 1897-ж. Францияда К. Адер учуучу аппаратты жасашкан. Бирок бул самолеттордо буу кыймылдаткычтары колдонулгандыктан, учуу ийгиликсиз болгон. Ичинен күймө кыймылдаткычтын пайда болушу жеңил ж-а кубаттуу А-лык кыймылдаткычтарды түзүүгө мүмкүндүк берген.

Буралгы моторлуу авиация.

20-к-дын башында А-нын өөрчүшүнө болгон талап жаңы илимдин – аэродинамиканын пайда болушуна алып келди. Ал илимдин негизин Н. Е. Жуковский,

ИЛ-2 чабуулдоочу самолёт (СССР).
Боинг В-29 бомбалоочу самолёту (АКШ).
Су-47 «Беркут» истребители (Россия).
МиГ-29 истребители (СССР).
Локхид F-117 истребитель самолёт-невидимка (АКШ).
Ан-12 жүргүнчүлөр самолёту (СССР).
ТУ-204 жүргүнчүлөр самолёту (Россия).
Ту-144 жүргүнчүлөр самолёту (СССР).
Ми-26 вертолёту (СССР).

С. А. Чаплыгин (Россия), JI. Приндгли ж-а Т. Карман (Германия) ж. б-дын эмгектери түзгөн. 1909-14-жылдарда Россияда Я. М. Гаккель, Д. П. Григорович, И. И. Сикорский ж. б-дын констр-ы м-н самолёттор жасалган.
1922-ж. Н. Е. Жуковскийдин демилгеси м-н Москва ун-тинде Россияда 1-аэродинамикалык түтүк курулган. 1920-ж. Россияда А. Н. Туполевдин ж-а Н. Н. Поликарповдун И-1, И-2 деген алгачкы самолёттору уча баштаган. 1930-ж. ылдамдыгы 450-525 км/ска. жеткен самолёттор курулган. Ал эми 2-дүйнөлүк согуш алдындагы ЛаГГ-3, МиГ-3, Як-1 истребителдеринин, Пе-2, Пе-8, Ил-4 бомбалоочу ж-а Ил-2 чабуулдоочу (штурмалоочу) самолёттордун ылдамдыгы 600-650 км/с болсо, согуштун аягында кээ бир бышкектүү кыймылдаткычы бар самолёттордун ылдамдыгы 690-720 км/ска. жеткен.

Реактивдүү авиация заманы

1940-жылдардын ортосунан реактивдүү А. калыптана баштаган, газ-баралуу (газтурбиналуу) кыймылдаткыч авиац. мотордун негизги түрү болгон. 2-дүйнөлүк согуштун аягында алгачкы реактивдүү истребителдер – Ме163В (Германия), «Метеор» (Англия) пайда
болгон. 1940-ж. учкуч В. П. Федоров 1-жолу реактивдүү самолётто, С. П. Королевдун (Россия) СК-9 ракетопланында учкан, 1947-48-жылдарда Ла-15 ж-а МиГ-15 самолётторунун ылдамдыгы 1050 км/с;1950-жылдардын башында бир орундуу МиГ-19 (СССР, 1954) самолётунун ылдамдыгы 2000 км/ска жеткен. Тик көтөрүлүп, тик конуучу, учуу убагында канатынын формасын өзгөртүүчү самолёттор пайда болгон. Жарандык А. 1960-жылдардан баштап тез өрчүгөн. 1957-59 жылдарда Ту-104, Ил-18, Ту-114, Ан10, Ан-24 самолёт- тору, ылдамдыгы 3000 км/с болгон МиГ-25 (СССР, 1964) самолёту жасалган. 1965-ж. 60 т жүккө эсептелген дүйнөдөгү эң зор 4 турбиналуу кыймылдаткычтуу, кенен фюзеляждуу (диаметри 6 м) Ан22 «Антей» (О. К.
Антипов) самолёту жасалган. Ал 1967ж. 26-окт-да 100 т дан ашык жүк м-н 7800 м бийиктикке көтөрүлүп, дүйнөлүк рекорд койгон.
ж. үч реактивдүү кыймылдаткычтуу Ту-154 самолёту сыноодон өткөн. Ал 7500 клади 9 с 30 лшкда учуп өтөт. Ылдамдыгы 850 км/с. Граждандык А-га дүйнөдөгү тунгуч, үндөн тез ылдамдыкта учуучу (учуу бийикт. 20000 м, ылдамдыгы 2500 км/с) 121 орундуу Ту-144 жүргүнчүлөр самолёту ж-а Ил-62 самолёту кошулган. 1971-ж. дүйнөдө эң чоң вертолёт В-12 ж-а жаңы само лёт Ил-76 сыноодон өткөн. Че төлкөлүк жаран дык А-да негизги орунду Американын «Боинг», «Дуглас», «Локхид», Франциянын «Каравелла», Англиянын «БАК», «Трайдент» реактивдүү ж-а турбореактивдүү самолеттору ээлейт. XXI к-дын башталышында А. транспорт, чарбачылык ж-а аскер б-ча кеңири чөйрөдөгү маселелерди чечүүгө жөндөмдүү. Жарандык А-нын эл аралык уюмунун катышуучулары – мамлекеттердин авиа транспорт компаниясы жыл сайын 1,6 млрддан ашуун жүргүнчү ташыйт, дүйнөлүк А. паркы 23500дөн ашуун магистралдык ж-а аймактык самолётторду камтыйт. Кырг-н аба мейкиндигинде 1919-ж. биринчи самолёт учса, азыр Ил-18, Ту-154, Ил-76, А-310, «Боинг» самолёттору Москва, Стамбул, Лондон, Берлин, Таш кент, Ош ж. б. ш-ларга учуп турат. 1968-жылдан баштап жерг. аба жолдорунда Ан-24, Як-40 самолёттору, атайын максаттагы А-дан Ан-2 самолеттору ж-а Ми-8 вертолеттору колдонулууда.