АК ТАШ АКИТАШ КЕНИ
Jump to navigation
Jump to search
АК-ТАШ АКИТАШ КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Алай кырка тоосунун түн. этегинде. 1968-ж. ачылган. Кен аймагын силур мезгилинин чөкмө тоо тектери түзөт. Акиташ теги сланец тектеринин арасында жайгашкан. Уз. 3,5 км, калыӊдыгы 80 мдей. Ак, кара түстө. Суукка чыдамдуу, жүк көтөрүмдүүлүгү ж-а кысууга жөндөмдүүлүгү жогору. Запасы 1 млн м3. Дубалды каптап кооздоого жарамдуу.