АК ТАШ (КАРА-КУЖУР) ДОЛОМИТТҮҮ МРАМОР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:55, 5 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АК-ТАШ (КАРА-КУЖУР) ДОЛОМИТТҮҮ МРАМОР КЕНИ Нарын обл-нун Кочкор р-нунда, Сары-Булак кыш-нан 56 км чыгышта. Балыкчы темир жол бекетинен кенге чейинки аралык 154 км. 1948-ж. табылып, 1980‒81-ж. геол. чалгындоо иштери аткарылган. Доломиттүү ак мрамор жогорку протерозой заманында пайда болгон. Мрамор чыгыштан батышка 400 мге созулуп жатат, туурасы 300 м. Мрамор майдаланган түрдө декорациялык оор бетондо ж-а курулуш иштеринде колдонулат. Запасы А+В+С1 категориясы б-ча 2994 миӊ м3.