АК-ТӨБӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:48, 3 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АК-ТӨБӨ‒ Казакстан Респ-нын түн.-батышындагы шаар. Ак-Төбө облҢнун адм. борбору. Илек д-нын боюнда жайгашкан. Темир жол бекети. Калкы 387,8 миӊ (2015). Автомобиль жолдор түйүнү. Эл аралык аэропорт. Феррокуйма, хром бирикмелери, а. ч. машиналарын куруу, рентген аппаратура ж. б. з-ддору, «Актюбинскхимпластмасс» өндүрүш бирикмеси, жеӊил, тамак-аш өнөр жайы иштейт Тогуз ЖОЖ (а. и. авиация), театр, 2 музей бар. 1967-ж. Казакстандагы 1-планетарий ачылган. 1869-ж. аскерий чеп катары негизделген. Шаарда Сов. Союз. Баатыры, көзгө атар мерген Алия Молдокулова туулган.