АДАМ УКУКТАРЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ГАРАНТИЯЛАРЫ
АДАМ УКУКТАРЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ГАРАНТИЯЛАРЫ – адамдын негизги укуктарын ж‑a эркиндиктерин коргоонун каражаты катары конституцияда белгиленген процессуалдык укуктардын жыйындысы. Буларга укуктарды ж‑a эркиндиктерди сот аркылуу коргоо мүмкүнчүлүктөрү; мамл. органдардын же алардын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен же аракетсиздигинен келтирилген зыянды мамлекеттин эсебинен өндүрүп алуу укуктуулугу, эгер коргоонун мамл. ички каражаттары бүт колдонулса, бирок натыйжасыз болсо, адам укуктарын ж‑a эркиндиктерин коргоо б‑ча эл аралык органдарга кайрылуу мүмкүнчүлүктөрү; көз карандысыз ж‑a бейтарап калыс сот, о. эле адам укуктарын коргоо Конституцияда каралган мыйзам м‑н белгиленген Омбудсмен – Акыйкатчы; адам укуктарын ж‑a эркиндиктерин чектөөгө жол берген негиздерди ж‑a чектерди белгилеген эрежелер кирет.
М. Керимбаев.