АЗИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:43, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЗИЯ – Жер шарындагы аянты (44,6 млн км2дей) ж‑а калкынын саны (4,2 млрд чамасын­да, 2012) б‑ча эң чоң дүйнө бөлүгү. Негизинен Чыгыш жарым шарда, Түн. жарым шардын бар­дык геогр. алкактарында жайгашкан; Малайя архипелагынын бир аз бөлүгү Түш. жарым шарга кирип кетет. Европа м‑н биригип, Евразия ма­теригин түзөт. А. м‑н Европанын чек арасы арттуу түрдө Уралдын чыгыш этеги (же кыры), Эмба (же Урал), Кума, Маныч д‑нын өрөөндөрү (айрым учурда Чоң Кавказдын кыры), Каспий, Азов, Кара ж‑а Мрамор деңиздери, Босфор ж‑а Дарданелл кысыктары аркылуу өтөт. Түн. чети – Челюскин, түштүгү – Пиай, батышы ­Баба, чыгышы Дежнев тумшуктары. Африка м‑н Суец мойногу аркылуу туташып, Түн. Аме­рикадан Беринг кысыгы аркылуу бөлүнөт. Түндүгүнөн Түн. Муз, чыгышынан Тынч, түш­түгүнөн Инди океандары ж‑а алардын четки деңиздери м‑н чулганат. Аралдарынын жалпы аянты 2 млн км2ден ашык (а. и. Түн. Жер, Жаңы Сибирь, Курил, Сахалин, Япон, Тайвань, Филиппин, Малайя арх., Шри‑Ланка, Кипр а.). А‑нын жээктеринде булуң‑буйтка салыштырма­луу аз; ири жарым аралдары: Ямал, Таймыр, Чукча, Камчатка, Корей, Индикытай, Индстан, Араб, Кичи Азия. А‑нын океандан эң алыс жери 2 2,5 миң км.
А‑нын жеринин бетинин бийиктиги да өтө контрасттуу. Мында дүйнөнүн эң бийик жери ­Жомолунгма чокусу (бийикт. 8848 м, Гималай­да), эң чуңкур жери – Жансыз деңиз (көлдүн бети деңиз деңг. 395 м төмөн), эң терең – Бай кал көлү (тереңд. 1620 м) жайгашкан. Суу кап­таган ачык жердеги эң чуңкур жер да A‑да; ал Борб. А‑дагы – Турпан ойдуңу, деңиз деңг. ­154 м төмөн жатат. Дүйнөдөгү эң жаанчыл жер -
Жаңгак‑мөмө‑жемиш токою. Арстанбап өрөөнү.

Индиядагы Шиллонг тоосунда жайгашкан Че­рапунжи кыштагында; анда жылына орто эсеп м‑н 13 миң ммден ашык жаан‑чачын жаайт (1861‑ж. 22 900 мм жааган).

  Аймагынын 75% ин кырка ж‑а бөксө тоолор ээлейт. Тоолор 2 чоң аймакты (тилкени) пайда кылат. Алардын бирөө Алдынкы Азия тайпак­ оолорунан Индикытайдын кырка тоолоруна ж‑а Малайя архипелагына чейин бүт А. аркылуу батыштан чыгышка, экинчиси Теңир‑Тоо­дон Түш. Сибирдин тоолоруна ж‑а андан ары Чукча ж. а‑на чейин түш.-батыштан түн.-чы­гышка созулат. Эң бийик тоолор (бийикт. 4 миң­ден 7 миң мге чейин ж‑а андан жогору) Борб.

Азияда ж�‑а анын чеги б‑ча жайгашкан. Негизги тоо системалары: Гималай (бийикт. 8848 мге чейин), Гиндукуш (7708 м, Тиричмир), Каракорум (8614 м, Чогори), Куньлунь (7723 м, Улуг­музтат), Теңир‑Тоо (7439 м, Жеңиш чокусу), Ысар‑Алай (5621 м, Матча), Чоң Кавказ (5642 м, Эльбурс), Алтай (4506 м, Белуха), Саян (3491 м, Мунку�‑Сардык). Ири тайпак тоолору: Памир (7495 м, Коммунизм же Исмаил Самани), Ти бет (6000–7000 м), Алдынкы Азия тайпак тоо лору (5165 м, Арарат); бөксө тоолору: Орто Си бирь (1701 м, Путорана), Араб ж. а‑дагы бөксө тоолор (3600 м), Декан (2000 мге чейин). Эң ири ойдундуу түздүктөр: Батыш Сибирь, Туран, Улуу Кытай, Инд‑Ганг, Месопотамия; бийик жайгашкан түздүктөрү (Борб. Азияда) – Кашкар, Жунгар, Гоби. Камчаткада (4688 м, Ключи соп­касы), Чыгыш А‑нын аралдарында ж‑а Малайя архипелагында (Кракатау жанартоосу, бийикт. 813 м) өчө элек жанар тоолор көп.
Азиянын азыркы рельефи негизинен төмөнкү процесстердин натыйжасында – байыркы тай­паңдалуу процесстеринен (калдыктары, айрык­ча тайпак тоолордун ички бөлүктөрүндө, о. эле Индистан, Араб, Сирия, Чыгыш Сибирдин жа­пыз платолорунда сакталган), жер кыртышы­нын неоген ж‑а антропоген мезгилдериндеги ири вертикалдык ж‑а горизонталдык кыймылдар­дан (Памир, Тибет, Гималай тоолору 4000 жден жогору көтөрүлүп, материктин чыгыш чет жа­касы тескерисинче чөккөн), көтөрүлгөн тоолор дун четжакаларынын эрозиялык кескин тил­меленүүсүнөн (Памир, Тибет тоолорундагы, Ги малай, Куньлунь, Батыш Саян, Черский тоо­лорун, Становой, Алдынкы Азия тайпак тоо­лорун кесип өткөн терең капчыгайлар) ж. б‑дан калыптанган жеринин бетинин түзүлүшүнө, о. эле Орто ж‑а Борб. Азияда, айрыкча Хуан хэ д‑нын алабында кеңири аянтты лёсс тектери каптап жатышы, бедленддин (чап), чөлдөрдө эол (шамал) рельефинин, акиташ ж‑а гипстүү аймактарда карст процесстеринин, антропоген­деги муз каптоо (Азиянын түн.-батышында 60° түн. кеңдиктерден түндүктү карай муздук тек ши каптаган), азыркы мөңгүлөр (Кара‑Корум, Памир, Теңир‑Тоо, Гиндикуш, Гималай ж. б. тоолордогу ири мөңгүлөр), башка материктерге Караганда көп жылдык тоңдун кеңири таралы­шы (47° түн. кендикке чейин), жанартоолор (жа­нартоо конустары, Индистан ж‑а Орто Сибирди каптаган траптар, Камчаткадагы, Филиппин, Чоң ж‑а Кичи Зонд а‑дагы аракеттеги жанар тоо лор, Алдынкы Азия тайпак тоолорундагы, Си­рия‑Араб платосундагы, Кавказ, Монголия, Манжур‑Корей тоолорундагы мурдагы жанартоо лор) зор таасирин тийгизген.
Азиянын геоструктурасы өтө татаал. Анын аймагы аркылуу субкеңдик багытта Альп‑Ги- малай бүктөлүү алкагынын чыгыш бөлүгү созу­луп жатат. Ал чыгышта Монгол�‑Охота ж‑а Тынч океан бүктөлүү алкактарына кошулат. Бүктөлүү түзүлүштөрүн түштүктөн Араб ж‑а Индистан ж.а‑нын платформалык аймактары чектеп ту­рат. Азия кембрийге чейин пайда болгон бир нече ири платформалардан ж‑а алардын аралык­тары б‑ча созулуп жаткан ири бүктөлүү облус­тарынан турат. Азияда Сибирь (чеги Орто Си бирь бөксөтоосуна туура келет), Кытай‑Корей (Улуу Кытай түздүгүн, Корей ж. а. камтыйт), Түштүк Кытай (Янцзы д‑нын төмөнкү агымы­нын алабы), Инди (Индистан ж.а‑нын баеым­дуу бөлүгүн ж‑а Шри‑Ланканы камтыйт), Араб (Араб ж. а‑нын басымдуу бөлүгү) платформала­ры жайгашкан. Платформалар А‑нын аймагын тегерегине бириктирип турган байыркы ядро болуп саналат; алар протерозойдун аягынан бүктөлүүгө дуушарланбай, салыштырмалуу тынч абалда болот. Платформаларды жалпы бирик тирип турган геосинклиналдык облустарды ­байкал, каледон, герцин, мезозой, кайназой бүктөлүүлөрү түзөт. Байкал бүктөлүүсүнө (про терозойдун аягы‑кембрийдин башталышында болгон) Енисей токол тоосу, Чыгыш Саян, Бай кал бою, Забайкалье тоолору, Араб ж. а‑нын айрым жерлери, каледон буктөлуусунө (кембрий, ордовик, силур) – Борб. Казакстандын батыш бөлүгү, Батыш Саян, Тоолуу Алтай, Монгол Алтайы, Түш.-Чыгыш Кытай, Түн. Теңир‑Тоо, герцин буктөлуусунө (девон, карбон, пермь) ­Теңир‑Тоонун негизги бөлүгү, Куньлунь, Нань­шань, Түш. Алтай, Борб. Казакстандын батыш бөлүгү ж. б., мезозой буктөлуусунө – Түн.-Чы­гыш Сибирь, Сихотэ‑Алинь, Индикытайдын, Тибеттин айрым жерлери, альп буктөлуусунө (кайназой) – Кавказ, Памир, Түркмөн�‑Хоросан тоолору, Паропамиз, Гиндикуш, Алдынкы Азия тайпак тоолору, Загрос, Мекран, Сулейман, Гин дикуш, Гималай тоолору кирет. Азиянын чы гыш чет жакасын азыркы геосинклиналдык ал­как ээлейт; ал материкти Тынч океандын тама­нынан бөлүп турат. Алкакты аралдар догосу, океандын терең кобулдары ж‑а четки деңиздер­дин геосинклиналдык чуңкурдуктары түзөт. Алкакка активдүү аракеттеги жанартоолор, катуу жер титирөөлөр, тектон. контрасттуу кый­мылдар, жаш бүктөлүүлөр, гравитациялык тең салмактуулуктун бузулушу мүнөздүү.
Азия континентинин азыркы турпаты салыш тырмалуу жакынкы эле мезгилдерде пайда бол гон. Палеозойдун башталышында (кембрий, ордовик, о. эле силурда) Чыгыш Европа, Сибирь, Кытай‑Корей, Түш. Кытай платформалары кургактыктын бир бөлүктөрү же эпиконти­ненттик тайыз деңиздер м‑н капталган жазы шельфти түзгөн. Инди ж‑а Араб платформала ры ошол кездеги зор түштүк материк – Гон- двананын курамына кирген. Герцин бүктөлүү­сүнөн кийин түндүктөгү платформалар кургак тыктын монолиттүү массиви – Ангаридага би­риккен. Ал эми Гондвана тескерисинче, бө­лүктөргө ажырап, алардын ичинен платформа­луу Инди‑Араб массивдери кайназойдо Тетис геосинклинали (байыркы деңиз бассейни) жок болгондон кийин Ангаридага биригип, А. пай да болгон..
А. кен байлыктарга бай. Таш‑Көмүрдүн ири кендери Казакстанда (Караганды бассейни), Си­бирде (Кузнецк, Кан‑Ачы, Лена ж. б. бассейн­дер), о. эле Кытай, Индия, Кореяда топтолгон. Нефтинин дүйнөлүк запасынын теңинен көбү A‑да. Нефть‑газдуу ири аймактарга – Перс бу­луңу нефть‑газ бассейни, Батыш Сибирь, Кас пий бою ойдуңу, Закавказье, О. Азиянын түз­дүктөрү, Малайя архипелагынын аралдары (Су матра, Калимантан), Түн. ж‑а Батыш Кытай­дын айрым жерлери кирет. Сибирь, Казакстан, О. Азияда, о. эле Түркияда, Иран, Пакистанда кайнатма туздун ири кендери бар. Темир руда­сы Казакстандын бир катар жерлеринде (Коста­най обл., Борб. Казакстан ж. б.), Ангара боюн­да, Сибирдин түштүгүндө (Кузнецк Ала‑Тоосу, Тоолуу Шория ж‑а Хакасия), Кытай, Корея, Ин­диянын көп жерлеринде топтолгон. Индияда ж‑а Закавказьеде марганецтин ири кендери бар. Калайдын эң бай кендери – Түш.-Чыгыш Азияда (Бирма, Таиланд, Индонезия а.). Борб. Казакстанда жездин ири кени, Норильскиде никель, Якутияда алмаз кендери бар.
Азияга арктика климатынан (түндүгүндө) суб­экватордук ж‑а экватордукка (түштүгүндө) че­йинки ар түрдүү климат мүнөздүү. Батыштан соккон атлантикалык нымдуу аба А‑га жеткенде өзгөрүп, континенттик абага айланат. Ал эми Тынч океандык аба батыш аба массасынын үстөмдүк кылышына ж‑а ички аймактарын кырка тоолор тороп тургандыгына байланыш-

Теңир‑Тоодогу гляциалдык зона.

туу А‑нын чыгыш чет жакасындагы кууш тил­кеге гана таасирин тийгизет. Түндүктөн арк­тикалык аба А‑га терең кирет; ал эми түштүктө үстөмдүк кылган тропиктик ж‑а субэкватордук ­муссондук климаттын таасиринен Гималай тоо­лору тосуп турат. Кышында климатты батыш­тан соккон аба массасы аныктап, аитициклон­дук зор аймак, А‑нын түштүгүндө ж‑а түш.-чы­гышында пассаттык циркуляция пайда болот. Сибирь тоолорунун ж‑а Монголиянын үстүндө (40°, 60° түн. кеңдиктердин аралыгында) Азия (Сибирь) антициклону түзүлөт. Радиациялык муздоонун, батыш аба массасынын муздап, төмөн чөгүүсү, арктика антициклонунун кири­ши октябрдан апрелге чейин антициклондун туруктуу болушуна шарт түзөт. Анда ачык ж‑а суук аба ырайы үстөмдүк кылат: абанын темп­расынын абс. минимуму Оймякондо -71°Сге (Түн. жарым шардын суук уюлу), Верхоянски­де -68°Сге, Якутияда -64°Сге жетет. Антицик лондун чет жакалары аркылуу соккон туруктуу шамал андан муздак ж‑а кургак абаны айдап чыгып, чыгышты, түш.-чыгышгы ж‑а түш. (кыш­кы континенттик муссон), о. эле батышты ка рай – Батыш Сибирге, Казакстанга, О. Азияга багыттайт (жогорку басымдуу аба Иранга че йин жетет). Уюлдук фронттун циклондору Жер Ортолук деңиздик климаттуу Алдынкы А‑га кышкы ж‑а жазгы, Түш. Сибирь тоолоруна жайкы жамгырды алып келет. Алдынкы, Ор­тонку ж‑а Борб. Азияда жайында аптап ысык ж‑а кургакчыл континенттик тропиктик аба массасы үстөмдүк кылат. Түш. Азия (Иран) м‑н Түш.-Чыгыш Европадан соккон кургакчыл түн.­батыш шамалдардын ж‑а Индияга жаан‑чачын­ды мол алып келген жайкы муссондун пайда болушуна шарт түзөт. Уюлдук фронттун цик лондору Чыгыш Азияда нымдуу жайкы муссон­ду пайда кылат. Күзүндө Чыгыш Азия фронт­тору аркылуу кыйраткыч күчтөгү тропиктик циклондор – тайфундар өтөт. Кышында Азия­нын тропиктик бөлүгүндө континенттик тропик тик, жайында – экватордук деңиздик аба, эк­ватордун үстүндө жыл бою жаан‑чачын мол жааган, абанын темп‑расы сезон б‑ча анча өзгөрбөгөн деңиздик экватордук климат үстөмдүк кылат. Азиянын кургакчыл тропик тик аймактарында эң ысык болот; абанын эң жогорку темп‑расы (53°С) Пакистандын Жейко­бабад ш. тушта катталган [дүйнөдөгү эң ысык жердин (Ливиядагы Триполи ш. тушта) темп­расынан (58°С) 5°С гана төмөн]. А‑нын көп бөлүгүндө жаан‑чачын негизинен жылдын жы­луу мезгилинде, Жер Ортолук деңиздин чыгы­шында кышында жаайт. Чыгышы м‑н түштүгү­нүн климаты муссондук; мында кургакчыл ж‑а нымдуу мезгилдер кескин алмашат. Индиянын түн.-чыгышында – Черапунжиге жылына 13 миң ммдей жаан‑чачын жаайт (Жер шарындагы эң жаанчыл жер, 18611‑ж. 22 900 мм жааган). Ба тыш, Орто ж‑а Борб. Азиянын түздүктөрүндө негизинен чөл ж‑а жарым чөл климаты, Ти бет, Памир тоолоруна суук чөл климаты мүнөздүү. Түн. Жер а‑да, Памир, Теңир‑Тоо, Ги малай, Кара‑Корум, Гиндукуш ж. б. тоолордо мөңгү жатат. Мөңгүнүн жалпы аянты 120 миң км2дей. Түн. ж‑а Чыгыш Сибирдин кыйла ай­магын (11 млн кж2дей) көп жылдык тоң ээлейт.
Негизги дарыялары: Обь (Иртыш м‑н), Ени сей (Ангара м‑н), Лена (Түн. Муз океандын алабына кирет; жылдын көп бөлүгүндө муз каптап жатат), Амур, Хуанхэ, Янцзы (уз. 5800 км, А‑дагы суусу эң мол ж‑а эң узун дарыялар), Сицзян, Меконг (Тынч океандын алабы), Салуин, Иравади, Брахмапутра, Ганг, Инд, Тигр, Евфрат (Инди океанынын алабы), Аму‑Дарыя, Сыр‑Дарыя (Арал деңизинин алабы). Азиянын көп дарыяларынын трансп. ж‑а энергетикалык, О. Азиядагы ж‑а чет өлкөлөрдөгү көптөгөн да­рыялардын ирригациялык мааниси зор. А‑нын көп аймактарынан океанга (Каспий, Арал де­ңиздеринин алабы, Борб. А‑нын көп бөлүгүндө, Иран тайпак тоосунун ж‑а Араб ж. а‑нын ички аймактарында) суу агып чыкпайт. А‑дагы эң ири көлдөр – Каспий ж‑а Арал деңиздери; алардан башка чоң көлдөрү: Байкал, Балкаш, Ысык‑Көл, Ван, Урмия, Кукунор, Поянху, Тай­ху, Тонлесап.
А‑нын көп бөлүгү Голарктика флоралык ж‑а зоогеографиялык дүйнөсүнө таандык. Араб ж. а‑нын түштүгү, Индстан, Индикытай ж‑а Малайя архипелаги Палеотропиктик өсүмдүк дүйнөсүнө кирет. Түш. Азия Инди‑Малайя зоо­геогр. обл‑на, Арабстандын түштүгү Эфиопия обл‑на кирет. А‑нын фаунасынын көбү Европа, Түн. Америка ж‑а Африкадагы жаныбарлардын түрүнө окшош.
Түн. Муз океанды жээктей мамык чөп, эңил­чек, бадалчалуу тундра ээлеп, анын астында глейлүү тундра топурагы өрчүгөн. Андан түштүктөгү ичке тилкеде токойлуу тундра зо­насы жайгашкан. Анда сейрек токой м‑н тунд ра өсүмдүктөрүнүн айкалышы мүнөздүү. Токой луу тундранын түштүгүндө кенен тилкени ээле­ген тайгага (негизинен ийне жалбырактуу то кой) тоң‑тайга, күл, чымдак‑күл топурактары мүнөздүү. Амур бою аймагынын, Түн.-Чыгыш Кытайдын ж‑а Япон а‑нын аралаш ж‑а жазы жалбырактуу токойлору түргө байлыгы, энде­миктердин ж‑а реликттеринин көптүгү м‑н айыр­маланат. Андагы ийне жалбырактуу өсүмдүктөр (Корей кедри, сибирь ж‑а аян карагайлары) м‑н кошо эмен, кайың, кара жыгач, манжур жаң­гагы, япон каштаны, лиана ж. б. өсөт. Алар­дын астында күлдөшкөн коңур ж‑а токойдун коңур топурактары өрчүгөн. Токойлуу талаа зо­насынын Батыш Сибирь бөлүгүнө майда жалбырактуу токой ж‑а шалбаалуу талаа, Түш. Си-

АЗИЯ34.png
Монгол талаасы.

бирдин тоолоруна ж‑а ойдундарына, Монголи­янын түндүгүнө, Кытайдын түн.-чыгыш түздүк­төрүнө ийне‑майда жалбырактуу токойлор мүнөздүү. Алардын астында кара, токойдун боз, оёң жерлеринде шортоң (солонец, солончак) то­пурактар өрчүгөн. Талаа зонасынын туташ тил­кеси Түш. Сибирь ж‑а Монголия тоолорунда үзүлөт. Батыш Сибирдин түштүгүндө ж‑а Казак станда дүйүм чөп‑кылкандуу талаа өсүмдүктөрү үстөмдүк кылын, түштүктө кургак талаага өтөт. Талаа зонасында негизинен кара ж‑а каралжын каштан топурактары басымдуу. Алтай тооло­рунан Чоң Хинганга чейин дүңгөлүү‑кылкандуу талаа өсүмдүктөрү Монголиянын түштүгүндө кургак талаа ж‑а жарым чөл м‑н алмашат. Сибирь ж‑а Казакстандагы токойлуу талаа ж‑а талаа зоналары негизинен айдалган. Каспий де­ңизинин жээгинен Казакстандын борб. бөлүгү, О. Азия, Жунгария аркылуу Кытайдын батыш бөлүгүнө чейин мелүүн алкактын сейрек өсүм­дүктүү жарым чөл ж‑а чөл зоналары созулуп жатат. Анда бадалчалуу (шыбактын түрлөрү) ж‑а бадалдуу (сөксөөл, караган), тоо аралык ой­дундарында баялыштуу чөлдөр таралган. Борб. Азиянын кыйла бөлүгүндө дээрлик өсүмдүк өспөйт. Казакстандын жарым чөлүнө ачык каш тан, О. Азиянын чөлдөрүнө бозомук‑коңур, ал лювий түздүктөрүнө аллювий‑шалбаа ж‑а такыр, кумдуу чөлдөргө чириндиси аз карбонаттуу то­пурактар, лёсстуу платолорго боз топурактар мүнөздүү. Гоби, Жунгарияда, Теңир‑Тоо, Алтай­дын этектериндеги түздүктөрдө бозомук‑коңур чөл топурактары басымдуу. Такла‑Маканда са­пырылма кумдуу аймактар кеңири тараган. Тибет тайпак тоосунда топурак кыртышы анча өрчүгөн эмес.
Субтропиктик алкактын Жер Ортолук деңиз­дик секторунда дайыма жашыл катуу жалбырактуу токой, сейрек токой ж‑а бадалдар Кара ж‑а Жер Ортолук деңиздердин жээктерин, Тавр, Понт, Антиливан тоолорунун айдарым каптал­дарын (этектерин ксерофиттик бадалчалар ж‑а чөп өсүмдүктөр – маквис, фригана, гарига, 700– 800 мден жогору ийне жалбырактуу токой, арча) ээлейт. Мында сиалиттик карбонаттуу үбөлөндү кыртышта күрөң ж‑а бозомук күрөң, о. эле Кы зыл топурактар өрчүгөн. Талыш, Эльбурс тоо лорунун Каспий деңизин караган капталдарын нымдуу жазы жалбырактуу токой ээлейт (а. и. реликтик каштан, жалбырактуу эмен, катраң­кы, самшит дарактары да бар). Субтропик ал­кагынын континенттик секторлору чириндиге жарды боз, бозомук‑күрөң ж‑а бозомук‑коңур чөл, таштак ж‑а кумдак жөнөкөй топурактуу келип, Кичи Азия тайпак тоолорунда бадал өсүмдүктүү талаа (а. и. шыбак, эфемер өсүмдүк төрү), Армян тайпак тоосунда ак кылкан бете­гелүү талаа ж‑а жарым чөл өсүмдүктөрү басым дуу. Кургакчыл таштак капталдарына тоо ксе­рофиттери (тикендүү жаздык сымал бадалдар) өсөт. Иран тайпак тоосунда ташта өсүүчү бадал чалар кездешет. Этек тоолордо ж‑а тоо каптал­дарынын этек бөлүктөрүндө жапалак эмен, мис­те, о. эле арчадан турган сейрек токой кезде шет. Паропамиздин ж‑а Гиндикуштун төмөнкү алкактарында талаа өсүмдүктөрү субтропиктик жаңгак‑мөмө‑жемиш токойлору (бадам, анжир, мисте) м‑н аралаш өсөт. 2200 м бийиктиктен жогору тоонун ийне жалбырактуу токой (көк карагайы, гималай карагай ж. б.) алкагы баш­тал ат. Тибет тайпак тоосунда өскүлөң кылкан өсүмдүк‑бадалчалуу чөл ж‑а суук талаа басым дуу (альп шалбаасы да кездешет). Эң мүнөздүү өсүмдүктөрү: ыраңдын түрлөрү, доңуз сырт, ак кылкан, карагай, терскен, аяния, шыбак. Кы тайдын чыгышындагы Циньлин м‑н Наньлин тоолорунун аралыгын жазы ийне жалбырактуу субтропиктик токой ээлейт. Ийне жалбырак­туулардан юньнань кызыл карагайы, куннин­гамия (реликттер – метасеквоя, жалган кара карагай, кетелеерия ж. б.), жазы жалбырактуу­лардан эмендин түрлөрү, камфар лавры, каталь­па, кастанопсис ж. б. өсөт; лианалар көп.
Тропик алкагынын континенттик климат­туу аймактарында карбонаттуу ж‑а туздашкан чөл топурактары басымдуу. Араб ж. а‑нын кум дуу чөлдөрүндө псаммофилдик кылкандуу (арис­тида, жапайы таруу) өсүмдүктөр, бархандардын капталдарында – тамарикс, жантак, такыр жер­лерде – каперстер басымдуу. Араб деңизинин жээк­теринде, Инд д‑нын дельтасын­да шор (солончак) ж‑а шалбаалуу шортоң, өрөөн-

Аравиянын таштуу чөлүндө.
АЗИЯ37.png

дөрүндө чириндиге жарды боз топурактар кезде­шет. Дайыма нымдуу тропиктерде (Малайя архи­пелагында, Малакка ж. а‑да, Индстан ж. а‑нын батыш жээгинде, Шри‑Ланканын түш.-баты­шында, Индикытайдын тоолорунда, Вьетнам­дын түндүгүндө, Юньнань‑Гуйчжоу тайпак тоо­сунда, Хайнань, Ява, Тимор а‑нда) кызыл‑сары, кызыл ферралит, феррсиалит ж‑а феррит топу рактары басымдуу.
Субэкватор алкагында кызыл‑коңур ферралит (Индстан, Индикытай ж. а‑да), кызыл ферра лит (Чхота‑Нагпур платосунда, Кытайдын түш. бөлүгүндө), үбөлөндү базальт, андезит ж. б. эф фузия тектеринин үстүндө камдашкан кара монтмориллонит топурактары (Декан бөксө тоо­сунда, Иравади ж‑а Чиндуина д‑нын аралыгын­да) пайда болгон (Индияда ал пахта топурагы же регура деп аталат). Меконг, Менам‑Чао‑Прая­нын алаптарынын нымдуу сезондо суу астында калган жерлеринде глейлешкен аллювий‑шал­баа ж‑а саздак топурактар үстөмдүк кылат. Тро­пиктин аллювий топурактары шалы өстүрүүгө байланыштуу өтө өзгөрүп кеткен. Субэкватор алкагында жалбырагын күбүүчү (муссондук) то кой үстөмдүк кылат. Ап кургакчыл сезондун узактыгына ж‑а нымдуулукка байланыштуу нымдуу ж‑а кургакчыл жалбырагын күбүүчү токой деп экиге бөлүнөт. Нымдуу жалбырагын күбүүчү токой (кургакчыл сезон 3‑5 айга созу­лат) Индикытай ж. а‑да, Батыш Гат тоолору­нун айдарым капталдарында, Чхота‑Нагпур платосунда, Чыгыш Гималайдын түш. капталдарында өсөт. Анда сал дарагы, диптерокарп ту­кумунун өкүлдөрү үстөмдүк кылат. Кургакчыл жалбырагын күбүүчү токойдун (кургакчыл сезон 6 ай) 90% ке жакынын тик, терминалий, кызгылт дарак ж‑а сандал түзөт. Декан бөксө­тоосунда, Индиянын түн.-батышында, Индикы тайдын тоо аралык өрөөндөрүндө тикендүү да­рактардан ж‑а бадалдардан (зарад, пальмира, тик, чөп өсүмдүктөрдөн – кылкандуулар) турган сейрек токой таралган. Чатырча сымал дарак өсүмдүктөрү саванна ландшафтын элестетет. Индиянын кургакчыл аймактарында (Ражаст­хан штаты) ж‑а Мьянманын кургакчыл зона­сында жапыз (1,5–2 мге чейин) зараңдуу, сүттүү чөп, зизифустуу чөлдөшкөн саванна кездешет.
Нымдуу тропиктик дайыма жашыл жамгыр токою экватор алкагын (Малакка ж. а‑н, Ма лайя архипелагынын аралдарын, Шри‑Ланка а‑нын түш.-батышын), Индстандын түш.-баты­шындагы ж‑а Индикытайдагы тоолорду, Кытай дын түштүгүн (Хайнань а‑н, Юньнань‑Гуйчжоу тайпак тоосунун түш.-батышын) ээлейт. Анда диптерокарп (Индонезияда эле 160тан ашык түрү бар) ж‑а чанактуулар (птерокарпустар, дальбер­гдер) тукумдарынын өкүлдөрү үстөмдүк кылган полидоминант токою, пальманын 100дөн ашык түрү, нан дарагы, фикустун түрлөрү өсөт. О. эле лианалар, эпифиттер (а. и. папоротниктер, ар­хидеялар) арбын. Деңиз ташкындаганда суу каптап калуучу жээктерге манрглар, саздар мүнөз­дүү.
Жаныбарлары да ландшафттын башка ком­поненттери сыяктуу эле кеңдик зоналары ж‑а бийиктик алкактары б‑ча таралган. Тундрада сойлоктор, жерде‑сууда жашоочулар дээрлик жокко эсе, куштардан ак чил, уюл үкүсү туруктуу жашайт, калгандары (өрдөк, ак куу, каз, ак чардак ж. б.) келгиндер. Түн. деңиздердин жээктерине ак аюу, тюлень, морж, тундрага түн. бугусу, түлкү, ак коён мүнөздүү; о. эле кан соруу­чулар – чиркей, кара чиркей, көгөндөр көп. Тай­гада сүт эмүүчүлөрдүн 90го жакын түрү бар, алар багыш, бугу, элик, күрөң аюу, сүлөөсүн, ты­йын чычкан, булгун, киш, коён ж. б. Куштардан кайчы тумшуктар, тоңкулдактар, кара кур­лар, керең кур, рябчиктер, үкүлөр, сойлоктор­дон суу жыландар, чаар жылан, кескелдирик, жерде‑сууда жашоочулардын бир нече түрү ме­кендейт. Ы. Чыгыштын аралаш ж‑а жазы жалбырактуу токойлорунда Сибирь фаунасынын өкүлдөрүнөн сырткары сыпайы ж‑а чаар бугу, амур жолборсу, гималай аюусу, енот ити, сары төш суусар (харза), сойлочулардан Ы. Чыгыш калкан тумшуктары, соймоңдор жашайт. Куш­тар (а. и. мандарин өрдөгү) көп.
Талаа зонасында кемирүүчүлөр көп: тыйын ­чычкан, момолой чычкан, коён, талаа (байбак) ж‑а монгол (тарбаган) суурлары, кадимки коён, кош аяктар. Ири туяктуулардан Казакстандын талааларында сайгак, монгол талааларында дзерен, эки өркөчтүү төө кездешет. Жырткыч­тардан ач күсөн, корсак бар. Тоолорду аркар, илбирс (азыр коргоого алынган), Тибет тайпак тоосун топоз, антилопа мекендейт.
Чөл зонасында кемирүүчүлөр (кош аяктар, тыйын чычкандар ж. б.) ж‑а сойлочулар (жы­ландардан – калкан тумшуктар, гюрза, кобра, муунткуч жылан ж. б.) өтө көп. Чаяндар, бөйү­лөр, кара курттар ж. б. жөргөмүш сымалдуулар кездешет. Субтропик климаттуу алкактын Жер Ортолук деңиздик секторуна туяктуулар (каман, чоң сакал теке, муфлон), жырткычтардан – суу­сар сымалдар тукумунун өкүлдөрү (а. и. мадыл), карышкыр, чөө, куштардан мукур сымалдардын ж‑а думбулдардын өкүлдөрү мүнөздүү. Кытайдын чыгышындагы тоолордун субтропиктик токой­лорунда дүйнөдө чанда кездешкен бамбук аюусу (чоң панда), жалтырак маймылдар жашайт.
Тропиктик, субэкватордук ж‑а экватордук алкактардын сезондук‑нымдуу токойлорунда инди‑малайя фаунасы үстөмдүк кылат. Ири туяктуулардан индия пили, кериктин 3 түрү мүнөздүү. Бодолордон бантенг ж‑а гаур, ачык жерлерде антилопалар, токойлордо бугулар (ак­сис, замбар, мунтжак), жырткычтардан жол­борс, кабылан, чөө кездешет. Азия арстаны дээр­лик жок кылынган (анын 200гө жакын Индия­дагы Гир токой коругунда жашайт). Токойлорун маймылдар (лангурлар, гиббондор, орангутан­дар) мекендейт. Кемирүүчүлөрдөн чүткөр, индия бандикоталары, вивер сымалдуулар (циветтер, мангусттар ж. б.) жашайт. Муссон токойлорун да жапайы took, кадимки павлин, асыл тоту­лар, жамгырлуу токойлордо шимикчи чымчык­тар кездешет; даракчыл жыландар көп. Уулуу жыландардан эң кооптуулары индия ж‑а пады­ша жыландары. А‑нын жаныбарларынын көп түрү жок кылынган, омурткалуулардын 1450гө жакын түрү жоголуу чегинде турат; көп түрү та­биятты ж‑а табигый ресурстарды коргоо б‑ча эл аралык союздун Кызыл китебине киргизилген.
А‑нын аймагы төмөнкү физ. -геогр. өлкөлөргө бөлүнөт: Түн. А. (бүт Сибирди, россиялык Ы. Чыгышты камтыйт), Чыгыш А. (Кытайдын 110° чыгыш уз‑нан чыгышты карай жат­кан аймагы, Корей ж. а., Япон а‑дары), Түш. ­Чыгыш А. (Индикытай ж. а., Малайя архипелагы), Түш. А. (Индстан ж. а., Шри-Ланка а., Инд‑Ганг түздүгү, Гималаи), Батыш А. (Кавказ, Алдынкы Азия тайпак тоолору), Түш. – Батыш А. (Араб ж. а., Месопотамия, Левант), Борб. А. (Монголия, Батыш Кытай, Тибет Орто А. (Туран ойдуңу, Памир, Те­ңир‑Тоо).
А‑нын табияты чарбачылыктан кыйла өзгөрүп кеткен. 2003‑ж. коргоого алынган аймактын аянты А‑нын жеринин 8%ин түзгөн. Коргоого алынган аймактын көбү Индонезияда (1080), Кытайда (809), Индияда (497), Малайзияда (190), Таиландда (158) жайгашкан. А‑дагы 20 өлкөдө биосфералык корук бар (анын бирөө Кырг‑ндагы – Сары‑Челек биосфералык кору­гу). Рамсар конвенциясынын (1971‑ж. негиз­делген, Иран) маалыматы б‑ча жалпы аянты 7,3 млн га болгон эл аралык маанидеги суу‑саз­дуу жерлер коргоого алынган. Коргоого алынган аймактын көбү Буткул дуйнөлук мурастар тизмесине кирген, а. и. Сандарбан (Индия ж‑а Бангладештин аймактарындагы мангр токой массиви), Казиранга, Нанда‑Деви ж‑а Кеоладео­Гхана (Индия), Ужунг‑Кулон ж‑а Комодо (Индонезия), Сагарматха ж‑а Читван (Непал) улуттук парктары, араб антилопа резерваты (Оман), Туббатаха рифтиндеги деңиз паркы (Филип­пинде), Япониянын парктары, о. эле Камчатка жанар тоолору, Алтайдын Алтын тоолору (Алтай ж‑а Катунь коруктары, Белуха табият пар кы), Байкал көлү ж. б.
Жогорку палеолит ж‑а мезолит доорунда эле А‑нын басымдуу бөлүгүндө адамдар отурукта­ша баштап, кийин Америка, Австралия, Океа­нияга чейин тараган. А‑да үч чоң раса калып­танган: европеоиддер (түш.-батыш ж‑а батыш аймактарда), монголоиддер (Борб. ж‑а Чыгыш А‑да), аветралоиддер (түш.-чыгышта). Неолит ж‑а коло доорунда адамдар А‑нын бардык ай­мактарына таран, ири дарыялардын (Тигр, Ев фрат, Инд, Хуанхэ, Аму‑Дарыя) өрөөндөрүндө дыйканчылык өнүгүп, о. эле сугат иштерин өр­күндөтүүнүн (каналдарды куруунун) натыйжа­сында байыркы ири цивилизациялар пайда болгон. Азыркы А‑лыктар бир нече расага бөлүнөт, бирок анын басымдуу көпчүлүгү мон голоид расасынын үч тобуна кирет: түндүк (Сибирь ж‑а Түн.-Чыгыш Кытайдын бир бөлүгү), чыгыш (монголдор ж‑а түн. кытайлар) ж‑а түштүк (монголоид ж‑а австралоиддердин аралашма ж‑а өтмө тиби түш. кытайлар, индо­незиялыктар, филиппиндер, Индикытай элде­ри, о. эле япондор). Европеоид расасы­н а (анын түш. бутагына таандык) алдынкы А‑нын, Түн. Индия, О. Азиянын (тажиктер) эл­дери, австралия расасына А‑нын ар кайсы аймактарында жашаган аз сандагы топ­тор: Цейлон веддери ж‑а бхилдерде, мунда ж‑а дравид элдеринин айрым топторунда, о. эле түш. чыгыш А‑нын кээ бир майда элдеринде (сеной, тоала ж. б.) кездешкен веддо тиби; Чыгыш Ин донезия элдериндеги меланезия ж‑а папуас тиби; Филиппин аэталары, Малайя семангдары, Ин дия андамандарындагы негритостук; Япон айны­ларындагы айны тиби кирет. Ошондой эле Түш. Индиянын дравид элдериндеги түш. индиялык тип; европеоиддер м‑н монголоидердин ортосу­нан чыккан аралаш типке кирген Батыш Си бирь, О. Азия, Түн. Индия, Түш. Урал, Алтай, Table 1: Азия мамлекеттери

Мамлекеттер Аянты(миң км2) Калкынын саны (млн; 2012) Борборлору
Азербайжан, Азербайжан Республикасы Баку
Армения, Армян Республикасы Ереван
Афганстан, Ооганстан Ислам мамлекети Кабул
Бангладеш, Бангладеш Эл Республикасы Дакка
Бахрейн Манама
Бириккен Араб Эмирликтери АбуДаби
Бруней, Бруней Даруссалам БандарСегаБегаван
Бутан, Бутан Королдугу Тхимпху
style="background-color:#d9e2f3;border-top:0.5pt solid #000000;border-bottom:0.5pt
solid #000000;border-left:0.5pt solid #000000;border-right:none;padding-top:0in;padding-bottom:0in;padding-left:0.075in;padding-right:0.075in;color:#000000;" | Вьетнам Социалистик Республикасы
Ханой
Грузия, Грузин Республикасы Тбилиси
Израиль Иерусалим
Индия, Индия Республикасы 3,3 млн 1,3 млрд Дели
Индонезия, Индонезия Республикасы 1,9 млн Жакарта
Иордания, Иордан Хошимит Республикасы Амман
Ирак, Ирак Республикасы Багдад
Иран, Иран Ислам Республикасы 1,65 млн Тегеран
Йемен, Йемен Республикасы Сана
Казакстан, Казакстан Республикасы 2,7 млн Астана
(басымдуу бөлүгү) style="background-color:#d9e2f3;border-top:0.5pt solid #000000;border-bottom:0.5pt solid #000000;border-left:0.5pt solid
#000000;border-right:none;padding-top:0in;padding-bottom:0in;padding-left:0.075in;padding-right:0.075in;color:#000000;" | 
Камбоджа, Камбоджа Королдугу Пномпень
Катар Доха
Кипр, Кипр Республикасы Никосия
Корей Республикасы Сеул
Корей Элдик Демократия лык Республикасы Пхеньян
Кытай, Кытай Эл Республикасы 9,6 млн 1,4 млрд Пекин
Кувейт ЭльКувейт
Кыргызстан, Кыргыз Республикасы 6 (2015) Бишкек
Лаос, Лаос Элдик Демократиялык Республи Вьентьян
касы style="background-color:#d9e2f3;border-top:0.5pt solid #000000;border-bottom:0.5pt solid #000000;border-left:0.5pt solid #000000;border-right:none;padding-top:0in;padding-bottom:0in;padding-left:0.075in;padding-right:0.075in;color:#000000;"
Ливан, Ливан Республикасы Бейрут
Малайзия КуалаЛумпур
Мальдив, Мальдив Республикасы Мале
Монголия, Монгол Уле УланБатор
Мьянма (Бирма), Мьянма союзу Янгон
Непал, Непал Королдугу Катманду
Оман, Оман Султандыгы Маскат
Өзбекстан, Өзбек Республикасы Ташкен
Пакистан, Пакистан Ислам Республикасы Исламабад
Палестина
align=center style="background-color:#d9e2f3;border-top:0.5pt solid #000000;border-bottom:0.5pt solid #000000;border-left:0.5pt
solid #000000;border-right:none;padding-top:0in;padding-bottom:0in;padding-left:0.075in;padding-right:0.075in;color:#000000;" | Россия, Россия Федерациясы (басымдуу бөлүгү)
17075,4 143,8 (2002) Москва
Сауд Арабстаны 2,15 млн ЭрРияд
Сингапур, Сингапур Республикасы Сингапур
Сирия, Сирия Араб Республикасы Дамаск
Тажикстан, Тажикстан Республикасы Душанбе
Таиланд, Таиланд Королдугу Бангкок
Тайвань 21,0 (1996) Тайбэй
Түркмөнетан, Түркмөн Республикасы Ашгабат
Түркия, Түрк Республикасы (басымдуу бөлүгү) Анкара
Филиппин, Филиппин Республикасы Манила
ШриЛанка, ШриЛанка
Демократиялык
Социалисттик Республикасы ЖаяварденапураКотте
Япония Токио

Казакстан элдери бар. Кыргыз элинин жалпы антропологиялык тиби европеоид ж‑а монголоид тектеги расалардын аралашуусунан пайда бо луп, түш. Сибирь – тураноид расасына кирет.
Ад.: Физическая география материков и океанов. М., 1988; Магидович И. П. Очерки по истории геогра фических открытий. М., 1967; Зарубежная Азия. Физическая география. М., 1956; Витвицкий Н. Г. Климат Зарубежной Азии. М., 1960; Пфеффер П. Азия. М., 1982; Власов Т. В. Физическая география материков (с прилегающими частями океанов). 4 изд. М., 1986; Гвоздецкий Н. А,, Михайлов Н. И. Физи ческая география СССР. Азиатская часть. 4 изд. М., 1987; Исаченко А. Г., Шляпников А. А. Ландшафты. М., 1989; Романова Э. П., Куракова Л. И., Ермаков Ю. Г. Природные ресурсы мира. М., 1993; Нико лаев В. А. Ландшафты азиатских степей. М., 1999; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты Зару бежной Азии. М., 2000; Хайн В. Э. Тектоника конти нентов и океанов (год 2000). М., 2001; Бараталиев Ө. Материктердин жана океандардын физикалык геог­рафиясы. Б., 2005.
Ө. Бараталиев.