АГЛАБИДДЕР
17:42, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
АГЛАБИДДЕР ‒ Түн. Африкадагы араб эмирлеринин династиясы (800‒909); Аббасиддердин вассалы. Негиздөөчүсү ‒ Харун ар-Рашиддин Ифрикиядагы (азыркы Тунистеги) наместниги Ибрахим ибн аль-Аглаб (800‒812) болгон. А. Ифрикиянын түш. уруулар негиздеген Тахерт имаматына каршы согуш жүргүзүшкөн. А-дин адм. ж-а маданий борбору ‒ Кайруан ш. болгон, ал эми ага жакын жайгашкан Каср-аль-Кадим чеби эмирлердин резиденциясына айланган. А. мамлекети 909-ж. шииттердин соккусунан кыйраган.