АК-СУУ ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:53, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АК-СУУ ЧОПО КЕНИ-   Чүй өрөөнүндө, Сокулук р-нунда, Ак-Суу темир жол бекетинен 1 км түш.-батышта, Ак-Суу сайынын кашат тектеринде. 1957-ж. табылган. 1959‒60-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагында антропоген мезгилинин борпоӊ чөкмө тектери жайгашкан. Чопо күрөӊ, кызгылт күрөӊ түстө, майда күл ботодон турат. Кумдуу шагылдын үстүндө жайгашып, калыӊдыгы 1,6‒8,5 мге чейин. Арасында карбонат тарамчалары, бүртүкчөлөрү бар. Айрым жеринде калыӊдыгы 0,1‒0,7 мге чейинки кумайлуу чопо, кумдук ж-а шагылдар учурайт. Гранулометриялык курамы: 0,005‒0,05 мм ‒ 76,92%, 0,05‒0,5 мм ‒ 21,54%, 0,5‒2,0 мм ‒ 0,98%, 2,0 ммден жогоркусу 0,49%ке чейин. Баланстык запасы 418500 м3. Чоподон Ак-Суу кирпич з-дунда «100», «150» маркадагы кирпич ж-а черепица жасалат.